Жаңы жыл майрамынан кийин 7 күн эс алууну сунушталды

Окуялар тизмеги 05 Дек 2018 13:50
0 ой-пикир

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жаңы жыл жана май айындагы майрамдарды белгилөө үчүн кошумча эс алуу күндөрдү сунуштоодо. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, министрлик өкмөттүн «Дем алыш күндөрдү жылдыруу тууралуу токтомун» карап чыгып, мамлекеттик иште иштегендерди 1-январдан 7-январга чейин жана 9-майдан 12-майга чейин эс алууну сунуштап жатат.

Тактап айтканда, 25-февралдагы дем алыш (23-февраль дем алуу күнүнө туш келгендиктен) 2-январга жылдырылат. 8-апрелдеги дем алыш (7-апрель дем алыш күнгө туш келгендиктен) 3-январга жылдырылат. 2-сентябрь (31-август дем алыш күнгө туш келгендиктен) 4-январга жылдырылат. 6-майдагы дем алыш (5-май дем алышка туш келгендиктен) 10-майга жылдырылат.

Аталган сунуш боюнча токтом долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн расмий сайтына илинди.

Министрлик буга чейин мамлекеттик кызматта иштеген жарандар Жаңы жыл майрамына карата 4 күн катары менен эс алыша турганын билдирген болчу.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.