Британиялык «The Guardian» басылмасы Кыргызстанда тартылган сүрөттү айдын мыкты сүрөтү деп тапты

Фото 30 Ноя 2018 16:35
0 ой-пикир

Британиялык «The Guardian» басылмасы сүрөтчү Тоби А.Кокстун Кыргыз өлкөсүндө тартылган сүрөтүн айдын мыкты сүрөтү деп тапты.

Маалыматка караганда, журналист, фотограф жана Дүйнө корпусунун ыктыярчысы Тоби өзүнүн сүрөтүндө унаанын арткы отургучунда отуруп алып жылмайып кетип бара жаткан бөбөктөрдү тартып алган.

«Аталган сүрөт «Адамзаттын портрети» аталышындагы сүрөт сынагына жиберген эмгектеримдин бири болчу. Бул сүрөттө бактылуу бөбөктөр чагылдырылган», — деп билдирген Тоби.

«Адамзат портрети» — British Journal of Photography басылмасы негиздеген эл аралык сүрөт сынагы.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.