Кытай эмнеге мусулмандарга кысым көрсөтүүдө?

Чет өлкө 26 Ноя 2018 16:55
0 ой-пикир

Борбор Азия өлкөлөрү менен, тактап айтканда Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси көп кырдуу. Биздин өлкө Кытай тарабынан келген экономикалык колдоонун жемишин татып жаткан учуру, бирок бул кызматташуу дайыма эле жакшы эмес, айрым учурларда терс маанайда дагы болууда. Биздин жарандар Кытай алдындагы көптөгөн карыздын көлөмүнөн жана билим берүү тармагынын “кытайлашып” бара жатканынан, ошондой эле улуттар аралык никеден дагы кооптонуп турушкан чагы.

Кытайдан Борбордук Азиядагы өзгөчө активдүүлүгүнүн себеби тууралуу белгилүү окумуштуу жана публицист Роберт Каплан айтып берген.

Elgezit.kgсайты TheWallStreetJournal (АКШ) жарык көргөн макаланы жарыялоону туура көрдү.

Кытай либералдашуудан баш тартып жатканынын айтылбаган жана өтө терең себеби бар. Ал анын авторитардык жетекчилиги улуттук көтөрүлүштөрдөн коркуп жатканында. Бул сыяктуу толкундоолор 1980-жылдары Советтер Союзунун перифериясында либералдаштыруу процесстери башталганда болгон. Ошондуктан Кытай саясий системасын жабык кармайт, ошол эле маалда Борбордук Азияга дипломатия жана экономикалык интервенция жолу менен кирип келет. Ал мурдагы Советтер Союзундагы түрк тилдүү мусулмандар менен союздук мамиле куруу менен бул региондо ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, ошол эле маалда өзүнүн мусулмандарына келечекте көтөрүлүшкө чыгуусун алдын алып келет. Кытайдын өз чек арасынан сырткары алдыга жылып баштаганы, ал өлкө ичиндеги шайтандарды четтетүүгө байланыштуу болууда.

Уйгурларды куугунтуктоо Пекиндин империялык амбицияларына жол ачат, себеби ага туруктуу чек ара керек. Кытайдын батышындагы түрк тилдүү мусулман уйгурлар коомунда болуп жаткан репрессиялар, миллионго жакын адамдарды жашыруун лагерлерде кармоо Пекиндин жаңы империялык саясаты. Кытай империясынын динамикасын түшүнүү менен гана бул аёсуз кампаниянын маңызын түшүнсө болот.

Синьцзян-Уйгур автономдуу району деп аталган сөздө «Синьцзян» “жаңы ээлик кылуу” деп которулат. Бул аймак тарыхый жана географиялык жактан Чыгыш Түркстан катары белгилүү. Кытай мамлекети 3500 жыл мурун эле бар болгон болсо, Синьцзян Цин империясынын курамына 18-кылымдын ортосунда гана кирген. Британиялык изилдөөчү Фицрой Маклин (FitzroyMaclean) айткандай, ошондон тарта ал жер “туруктуу толкундоолор” абалында.

1994-жылы алгачкы жолу Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна барып, уйгурлардан интервью алганымда, алар кытайдын хань баскынчыларын жек көрүшөрүн билдим. “Бул Туркстан, Кытай эмес. Кытайлыктар биздин тилди үйрөнбөйт, биз болсо кытай тилин. Жада калса кадимки адамдык мамилелер дагы абдан начар”,-деди  жаш уйгур.

Андан бери мамиле дагы начарлады.

Кытай тарыхый жактан кургакта, өзгөчө батыш тарабы жакшы корголбогондуктан, деңиз экспансиясы менен алек болууга мүмкүнчүлүгү жок. Адмирал  Чжэн Хэнин Мин династиясын башкарып баштагандагы Инд океанына саякатка чыкканын эске албаганда Кытайдын деңиз менен жүрүүсү өтө аксап келет. Бирок бул өлкө бүгүнкү күнү  кургакта жакшы корголгон, ошондуктан алар дүйнөдөгү эң күчтүү аскердик-деңиз күчүн курууну максат кылышкан. Ал эми мусулман-уйгурларды куугунтуктоо бул процесстеги акыркы аракет. Евразия аркылуу кургактагы жана деңиздеги транспорттук коридорлорду түзүүнү караган “Бир кур, бир жол” демилгеси уйгур калкынын толугу менен баш ийүүсүн талап кылат.

21-кылымдын Жибек Жолунун жүрөгү Борбордук Азия. Мурдагы совет өлкөлөрүнүн аймактары аркылуу унаа жана темир жолдорун куруп, түтүктөрдү өткөрүү менен Кытай Иран менен болгон байланышын бекемдейт. Кытай-Иран экономикалык жана инфраструктуралык альянсы Евразияда басым жасап, Россия болсо мындай абалда четке сүрүлүп чыгып калат. Бирок бул үчүн Пекинге баш ийген уйгур калкы керек, себеби Кытай менен Жакынкы Чыгышты бириктирген бул жолдордун баары Синьцзян аркылуу өтөт.

Кытайлыктар уйгурлардын салттуу маданиятын жок кылып, адамдарды көп кабаттуу үйлөргө жашатып, фольклор рыногун заманбапташтырганы жатат. Ошондой эле алар шаарларды жаңы унаа жолдор жана темир жолдор менен бириктиргени жатышат. Мен 2015-жылы Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна барганда буга күбө болдум. Мындан сырткары, алар миңдеген уйгурларды жабык лагерлерге камоо менен башка адамдардын жашоо-шартын жакшыртып жатышат. Бул классикалык камчылоо ыкмасы. Мунун максаты – мусулман уйгур маданиятын жок кылып, Кытайдын башкаруучулугун күчөтүү.

Массалык маалыматтар каражаттары бул кадамдарды Кытай Пакистан жана Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдү карызга кириптер кылып, Кытай курган унаа жолдоруна жана портторуна көзөмөл алууга болгон аракет экенин жазып келишет. Бирок, Кытайдын евразиялык стратегиясында этникалык топторго аз көңүл буруп келишет. Негизи дал ушул маселеге көңүл буруу керек, болбосо уйгурлардын мекени Кытайдын 21-кылымдагы Жибек жолунда эң алсыз аймак болуп калат.

Бул процессте улуттук намыс сезимдерин жана нааразычылыктарды баалабай коюу тура эмес. Гонконг жана Макао европалык колонизаторлордун бийлигинен чыгып, чет жактын Кытайга болгон кол салуу дооруна чекит койгон. Монголиянын көз карандысыздыгы Кытайдын экономикалык кызыкчылыктарынан улам алсызданган. Тибет болсо кулга айланып калган. Синьцзян Кытай үчүн кургакта жол курууга каршы чыгып, тоскоол болгон жалгыз аймак болууда. Эгер алар каалагандай Кытай курулса, анда Пекин Чыгыш-Кытай жана Түштүк-Кытай деңиздеринде толугу менен үстөмдүк кылып баштамак. Бул ага Инд океанына жол ачып, Кытай Мьянмадан Джибутиге чейин жаңы портторду курууга жол ачмак. Империя доору өттү деп ким айтты?

АКШ жердин башка бурчунда жайгашкандыктан алар жаңы империянын түзүлүүсүнүн алдын алууга чамасы жетпейт. Вашингтон Чыгыш аймакта эч ким үстөмдүк кылбоосуна кызыкдар. Ал эми Иран аркылуу өтө турчу Кытай Жибек жолу жана Кытайдын аскердик-деңизде болуусу Евразиянын түштүк аймагында үстөмдүк кылууга жардам берет.

Эки тараптуу мамиледе саясий келишпестик (тактап айтканда бүгүнкү күндө Америка) эркин рынок, жарандык коом жана адам укуктары боюнча альянстар системасында болгон күрөштө АКШны ири артыкчылыктан айрып жатат. Мындай атаандаштык шартында уйгурлардын укуктары бузулуп жатканы үчүн Кытайды жоопко тартуу керек. Түштүк-Кытай деңизинде Кытайдын аскердик-деңиз күчтөрүн кармоодо эң реалдуу кадам болуп саналат. Кытайдын стратегиясынын негизин уйгурларды басмырлоо түзүп жаткан маалда Америка Кытайдагы адам укуктарын коргоону талап кылуусу зарыл.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.