ЖЭБдеги тендер боюнча эки кылмыш иши козголду

Без категории 31 Окт 2018 10:20
0 ой-пикир

Бишкек Жылуулук электр борборуна жабдыктарды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 30-октябрда ЖЭБде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ал эми Кытай берген 386 миллион доллар насыяга байланыштуу козголгон кылмыш иштери четинен сотко жөнөтүлүп жатат.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жыйын куруп, ишканадагы кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.