Баткенде уюшка кылмыштуу топ тоноо иштерине пайдаланып, 3 метр жер алды көмүп салган авто унаа табылды

Окуялар тизмеги 25 Окт 2018 10:04
0 ой-пикир

Баткенде уюшка кылмыштуу топ тоноо иштерине пайдаланып, 3 метр жер алды көмүп салган авто унаа табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, террорчулукка каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында колунда бар адамдарды курал колдонуп тоноп жүргөн «Ганимат» аталышындагы терроризмге байланышы бар топтун мүчөлөрү аныкталган. Бул топ Сирия жана Ирактын согуштук аймактарында согушуп жүргөндөрдү материалдык жана техникалык жактан камсыздоо максатында тоноо иштерин жасап жүрүшкөн.

Уюкан кылмыштуу топ кылмыштын изин жашыруу максатында тоноо кылмышына далил болуп кала турган унааны адам барбаган жайга алып барып көмүшкөнү аныкталган. Унааны 23-октябрда УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунун аймагынан 3 метр тереңдикке көмүлгөн жеринен табышкан. Бул унаа 2015-жылдын апрель айында кылмыштуу топтун тоноо ишин жүргүзүү үчүн колдонулган транспорту болгон.

«Унаага байланышкан кылмыш иши мурда катталып, бирок убактылуу токтотулуп калган. Анда белгисиз адамдар Ош шаарынын тургунуна кол салып, 1 миллион 300 миң долларын алып кетишкен. Бул окуя 2015-жылы катталган. УКМК жана ИИМ биргелешкен ыкчам иликтөө тобун түзүп, бул иш боюнча иш алып барууда. Бул кылмышка тиешеси бар адамдар изделип жатат», — деп билдирет УКМКнын маалымат катчылыгы.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.