Сооронбай Жээнбеков Нарында УКМК жана ӨКМ кызматкерлери үчүн курулган үйлөрдүн ачкычын тапшырат

Окуялар тизмеги 24 Окт 2018 12:04
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапар менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчы Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушат жана социалдык объекттерге барат. Президенттин катышуусу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.