Чоочун паспорт менен Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган өзбекстандык кармалды

Окуялар тизмеги 23 Окт 2018 14:05
0 ой-пикир

Оштогу «Достук» чек ара бекетинен чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 22-октябрда чек арачылар өзбек жараны көтөрүп жүргөн паспортту текшерген учурда анын башкага таандык экени аныкталган.

Өзбекстандын жараны чоочун документ менен Кыргызстанга кирүүнү көздөгөнүн моюнга алган.

Чек ара кызматы кармалган адам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилгенин билдирди. Өзбек жараны кайсы өлкөнүн паспорту менен кармалганы кабарланган жок.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда бир канча жыл бою жабык турган кыргыз-өзбек чек арасы 2017-жылдын күзүндө ачылып, эл кайрадан ары-бери каттай баштаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.