КСДП: Атамбаевди кайтарган жансакчылар азайды

Окуялар тизмеги 22 Окт 2018 16:52
0 ой-пикир

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылды. Бул тууралуу Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жолдубаева жансакчылар «бир топ эле кыскартылганын» айтып, андан башка маалымат берген жок.

Экс-президенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды кайтаруу милдети жүктөлгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга азырынча комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.