Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жемкорлуктан түшө турган атайын эсепке 5 миллион сом которду

Окуялар тизмеги 22 Окт 2018 12:21
0 ой-пикир

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 5 миллион 233 420 сом которгонун жарыялады.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 190 миллион сомдон ашты.

Өткөн жылы өлкө башчысынын демилгеси менен ачылган атайын эсепке Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлиге коррупционерлерден кайтарылган каражатты которуп келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.