Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 5 миллион 233 420 сом которгонун жарыялады.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 190 миллион сомдон ашты.
Өткөн жылы өлкө башчысынын демилгеси менен ачылган атайын эсепке Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлиге коррупционерлерден кайтарылган каражатты которуп келет.