Кыргызстанда 200дөй паспорт катачылык менен басылып чыккан. Бул тууралуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы программалык камсыздоону орнотууда техникалык мүчүлүштүк орун алды. Анын натыйжасында 190 ID-карта каталар менен басылып калган. Бул документтер жарандардын колдоруна тапшырылгандан кийин гана белгилүү болду. Учурда мындай паспортторду алмаштыруу жүрүп жатат. Ал эми катачылыкка жол берген кызматкерлер жазаланды.