ВИДЕО: Икрамов менен Байпакпаев мушташа жаздашты

Видео, Окуялар тизмеги 26 Дек 2019 16:16
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар борбор калаадагы кара түтүн маселесин кароо боюнча маселе жаралды. Бул тууралуу 24.kg жазды.

«Борборлогу абанын булгануусун азайтуу боюнча чаралар тууралуу» токтом долбоорунун демилгечиси Мирлан Маматалиев маселени көтөрүп чыкты.

Бирок, депутат Кожобек Рыспаев документ профилдик комитет тарабынан карала электигин айтып, регламентти бузбай маселени күндүн темасынан алып салууну сунуштады.

Марлен Маматалиев буга макул болбой, парламент абанын кирдеши тууралуу маселени карап чыкканча, жаз келет деп билдирди. «Сиздердин балдар ушул аба менен дем алып, анан оорушат», — деп ал кесиптештерине түшүндүрдү. 

Депутатты кесиптеши Тазабек Икрамов колдоп чыкты. «Бишкекте экология көйгөйү биринчи орунда, бул маселени караш керек, буга чейин эмне кылып отурдунар», — деди ал. Жыйынтыгында Икрамов Байпакпаевди түртүп, экөө мушташа кете жаздады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.