ELGEZIT - RSS

Чаткал: Тилсиз жоо үй, унаа жана миң түк чөптү жалмап кетти
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Ш.Текебаев көчөсүндөгү үйдө болгон.

Маалыматка караганда, үйдүн 156 чарчы метр чатыры, миң түк чөп жана «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү.

Кырсык балдардын от менен ойногон шоктугунан улам келип чыккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Кербен аэропорту май айынан тартып иштей баштайт
Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан Кербен аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков курулуш иштерин көрүп жатканда маалым болду. Былтыр бөлүнгөн 5 млн. сомдон ашык каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси оңдолуп, 10 млн. сомго аэровокзалы реконструкцияланып жатат. Курулуш иштери март айында аяктап, май айынан тартып Кербен-Бишкек каттамы жүргүзүлө баштайт.

Кербен аэропорту облустагы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун 300 миңге чукул калкын тейлейт. Төрага Дастан Жумабеков «Манас» аэропортунун Ош филиалынын жетекчилигине үзгүлтүксүз рейстерди камсыз кылууга жана авиа компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү алып барууга чакырды.

Аэропортту оңдоого «Манас» ААК каражат бөлгөн. 51 гектарды түзгөн Кербен аэропорту 1976-жылы курулуп, 1999-жылы акыркы жолу рейс аткарылган.

Милиция Чаткалда айдоочуну атып салган адам кармалганын кабарлады
Чаткалдагы айдоочунун өлүмү боюнча топтолгон материалдар райондук ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен өндүрүшкө алынды (кылмыш иши козголду). Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милиция буга чейин кабарлангандай окуя 10-январда түнкү саат 03:00дө Чаткал районунун Терек-Сай айылында катталганын ырастады. Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы Улан Койчиев шеригинин жанында жүк ташуучу автоунаада аны коштоп бараткан учурда Терек-Сай айылынын Аскат аттуу жашоочусу ок атуучу курал менен Койчиевди атып жиберген. Натыйжада Улан Койчиев Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей жаратынан улам каза болгон.

Эки райондун милиция бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери окуя болгон жерге тергөө жүргүзүп, Терек-Сай айылынын тургуну Э. уулу Аскатты аныкташкан. Шектүү изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Улан Койчиев шериги менен “Вольво-FH 12” үлгүсүндөгү автоунаа менен “Чаарат Заав” фирмасына бульдозер жүктөп алып бара жаткан. Алар БМВ үлгүсүндөгү машине минип бараткан Аскат менен жол талашып чатакташа кетишкен. Аскат мас абалында болгондуктан автоунаасындагы ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан Улан Койчиевди көкүрөк тарабына атып жиберип, окуя болгон жерден качып кетип калган. Анын куралы “Иж 16” калибрлүү, сайсыз, кош ооздуу мылтык экени такталды.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен компания техника алып бараткан айдоочусун түнү бирөөлөр атып кеткенин бүгүн эрте менен “Чаарат Заав” фирмасынын өкүлү айтып чыккан эле.

Ала-Бука-Чаткал унаа жолуна кар көчкү түштү
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда унаа жолго кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн, 18-декабрда саат 06:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 100-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 1000 метр куб жана 88-90 чакырымында көлөмү 500 метр куб кар көчкү түшкөн. Мындан улам унаа жол бир тараптуу жабылган. Унаа жолду тазалоого тиешелүү кызматтан 5 техника тартылган.

ИИМ Терек-Сайдын тургундарынын бөгөт чарасы боюнча сотко кайрылат
Ички иштер министрлиги Чаткалдын Терек-Сай айылынын камактагы тургундарын үй камагына чыгаруу үчүн сотко кепилдик берет.

Бул тууралуу министр Кашкар Жунушалиев 17-декабрда Жалал-Абадда кармалгандардын жакындары менен жолугушкандан кийин билдирди.

— Ата-энелери балдары катачылык кетиргенин моюнга алып, кечирим суроо менен ырайым кылууну өтүнүштү. Камактагы балдарды үй камагына чыгарып берүүнү суранышты. Алардын өтүнүчү мыйзам чегинде каралат, бирок биз да сотко балдардын бөгөт чарасын жасаган кылмыш аракетине жараша өзгөтүп берүү боюнча кепилдик берип, сотко кайрылабыз.

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда Терек-Сайдагы алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Нааразылыктардан улам 5-декабрда алтын кен иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» Чаткал районундагы ишин убактылуу токтоткон.

ИИМ Чаткалда милицияга кол көтөргөн 14 киши кармалганын ырастады
«Милиция кызматкерлерине кол көтөрдү» деген негизде Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда райондун аймагындагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасынын аймагында 15 адам “Шумкар” атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген. Бул окуя боюнча 6-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Кызмат адамына кол көтөрүү” беренелери менен иш козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алтын иштеткен компаниядагы көзөмөл камералары талданган. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук милицияга жеткирилип, он төртү убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Айыл тургундарынын милиция кармап кетишине нааразы болуп Терек-Сай айылынын айрым тургундары нааразылык акциясына чогулушкан. Алар камакка алынган 14 адамды бошотууну талап кылышууда.

Буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен чыр чыккан. Ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганы кабарланган. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда түшүнбөстүк жаралып, эки милиция кызматкери жабыркаган.

Чаткалда кендеги чыр боюнча кармалган 15 жаранды бошотуу талабы менен митинг өтүүдө
«Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өтүп жатат. Азыр нааразычылык билдирип чыккан 300 тургун болсо, 400дөй спецназ абалды байкап турат», — дейт өзүн тааныштыргысы келбеген митингдин катышуучусу.

Ал кен иштетүүчүлөр менен чардашып камакка алынган балдардын окуясын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

«1 ай мурун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну жылкысына кетип жатканда, аны түрктөрдүн фирмасындагы постту кайтарган адам уруптур. Кийин айылдык балдар барып мушташкан экен. Постту кайтарып жаткан адам жардан кулап, буту сыныптыр. Буга тиешеси бар деп 15 баланы милиция кечээ, 2-декабрда кармап кетти. Азыр алардын ата-энелери Жалал-Абадга кетишти.

«Балдарды бошоткула» деген талап менен аялдар жол тостук. Кийин эле спецназдар келип, бизди таратканга аракет кылышты. Мыйзам түрктөргө эмес, бизге эле иштей береби? Биз «балдарды бошоткула, түрктөр иштебесин» деген талап коюп жатабыз. Азыр жолго боз үй тигилип жатат», — деди ал.

Атын атагысы келбеген дагы бир жергиликтүү жашоочу түрктөрдүн иштешине жашоочулар 100 пайыз каршы экенин билдирди. Маалыматка караганда, алтын казуу максатында келген түркиялык компания 2016-жылдын январынан бери аталган аймакта иш алып барат.

Чаткалда кендин күзөтчүлөрү менен жергиликтүү калк ортосунда чатак чыкты
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу дагы бир чыр чыкты. Күч кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосундагы жаңжалдан улам төрт киши жабыркап, айрымдары ооруканага жаткырылды.

Терек кенине байланышкан жаңжал жергиликтүү тургундар менен атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрүнүн мушташы менен коштолду. Окуя 6-ноябрда болгон.

Терек-Сай айылынын тургуну Нурлан Сымановдун айтымында, ал ошол күнү жылкы айдап келгени бараткан. Бирок мал жайылган аймакты “Эти Бакыр Терексай” компаниясы тостуруп алгандыктан ал жерди кайтарган күч кызматкерлери аны коё берген эмес.

— Мурда эч кандай тосмо жок болчу, — деди Нурлан Сыманов. — Пост болсо кечээ жакында гана коюлуптур. Биздин айылдын малы ар дайым ошол жерге жайылат. Ал жерден уй, жылкы айдайбыз, кой да ушул аймактан чыгат. Булар болсо пост коюп алып адамдарды өткөрбөй жатат. Мени да өткөрбөй коюп ортодо түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Мени алып кирип төртөөлөп тепкилешти. Муунтуп, колумду кайрып, жерге жаткырып сабашты.

Сыманов учурда ооруканада дарыланып жаткан экен. Ал токмоктолгондон көп өтпөй айылдын эли чогулуп келип кендин аймагын кайтарып турган Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын үч кызматкерин сабаган. Маалымат боюнча арасында башы жарылып, элден качып баратып бутун сындырып алгандар да бар.

Жергиликтүүлөр “Эти Бакыр Терексай” ишканасы өкмөткө улам-улам арыз жазып жатып кендин аймагын тостуруп алганын, кийинчерээк «коопсуздук үчүн» деген жүйө менен күч кызматкерлерин да алдырып келгенин билдиришти.

Окуя боюнча Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубековбуларды кабарлады:

— Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков келип, жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек экенин айтты. Азыр ал жакта баары көзөмөлдө, абал туруктуу. Чыр чыккандан кийин эки тарап тең арыз жазган эмес.