«Бул акыркы камоолор эмес» жана «терең ойлонулган план жок – эксперттер Кыргызстандагы камоолор тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Июн 2021 18:14
0 ой-пикир

2021-жылдын жазынын акыркы күнү аткаминерлердин кармалып, камалганы менен эсте калды. Бир күн ичинде УКМКнын СИЗОСуна өлкөнүн мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, экс-президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров камакка алынышты. Бардыгы ири көлөмдөгү коррупциялык кылмыштар ачыкталган “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу кармалышты.

Сурактан кийин дагы бир экс-премьер-министр Игорь Чудинов, ЖКнын экс-депутаты Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев дагы кармалышты. Буга чейин мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов, Сергей Ибрагимов суралган болчу.

«EADaily» басылмасы күндүн темасы боюнча саясатчылардын жана эксперттердин пикирин чогултту. Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, “бул акыркы камоолор эмес”.

«Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу коррупция менен чыныгы күрөш жүрүп жатканын көрүп жатабыз. “Кумтөргө” байланышкан коррупциялык иштерге, көз боемочулуктарга катышы барлар жаза аларынан күмөн жок. Маалыматтар чогултулган деп ойлойм. Коррупция менен чыныгы күрөш башталганы сезилип жатат”, — деди саясат таануучу.

КМШ мамлекеттер институтунун Орто Азия жана Казакстан боюнча бөлүм башчысы Андрей Грозин Ia-centr.ru порталына берген маегинде:

«Кыргызстанга акча керек. Чет элдиктерге (“Кумтөр” кенин Канадалык инвесторлор ишетет — EADaily) чабуул башталганын башкача түшүндүрүп болбойт. Бул жерде терең ойлонулган план жок, бул жерде кандайдыр бир куулук менен жасалган кадамдар жана буйрутмалар бар деп ойлойбойм. Баары жөнөкөй. Кыргызстандын бюджетин толтуруп, калктын социалдык талаптары менен байланышкан керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында конфликт чыкты» деди.

Белгилүү публицист Мусуркул Кабылбековдун пикиринде, «Коррупция менен күрөш» анекдот эмес.

«Камалгандардын көбү көпчүлүгү ар кандай партиялардагы, кландардагы жана региондордогу шериктештер менен бирге бийлик менен жакшы ымалада болгон. Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев Кыргызстандын саясий китебинде жаңы барактарды ачышты», — деп жазды ал социалдык тармакка.

Өз кезегинде, казакстандык саясий серпчи Газиз Абишев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду “конституциялык суперпрезидент” деп атады.

«Жапаров жаңы кызматты жана ыйгарым укуктарды колдонуп баштады. Бийлигин кармап калуу максатында саясий талааны каршылаштарынан тазалап жатканы евразиялык айдыңда кадимки көрүнүш. Бул жерде эң башкы фактор экономика экенин унутпаш керек. Эгерде экономика жакшы болсо, кандай каршылаш болбосун жеңүүгө болот. Эгерде начар болсо, анда кандай чара колдонулбасын кулатылат», — деди Абишев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.