Жергиликтүү кеңештеги аялдардын саны бул шайлоодон кийин 11%дан 38%га өстү

Окуялар тизмеги 27 Май 2021 15:14
0 ой-пикир

Акыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды. Бишкекте 27-майда «Аял-депутаттар: күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу» деп аталган жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар көбөйгөнүн билдирди.

“Жергиликтүү кеңештеги аялдардын саны бул шайлоодон кийин 11%дан 38%га өстү. “Эмне үчүн аялдар аз добуш алса да депутат болот?” деген нааразычылык да болду. Бул эркек депутаттарды дискредитациялоо эмес. Анткени Конституцияга ылайык 30% квота бирдей мүмкүнчүлүккө жетүү үчүн жасалган чара”.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.