Темир Сариев 48 саатка кармалды

Окуялар тизмеги 27 Май 2021 11:07
0 ой-пикир

Мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокаты Канат Хасанов фейсбук баракчасына жазды. Бирок тиешелүү органдар так маалымат бере элек. Эске сала кетсек парламентте УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жакында бир катар саясатчылар «Кумтөр» кенинин иши боюнча кармалат деп билдирген.

Кечээ Темир Сариев Аскер прокуратурасына суракка чакырылган. Ал «Кумтөр» кениндеги келишимдер боюнча суракка алынган.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр» кенинин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комисиянын төрагасы Акылбек Жапаров компанияга байланыштуу мурунку президенттер менен премьер-министрлерди айыптап чыккан. Анын айтымында, Темир Сариев премьер-министр болуп турган кезде, ал «Центеррага» 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом талап кылып, бирок бул сумманы өндүргөн эмес. Сариев өзү бул маалыматты четке каккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.