Садыр Жапаров Баткендеги мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды

Окуялар тизмеги 27 Май 2021 17:12
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылында мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектептин имараты 225 окуучуга ылайыкталган.

Садыр Жапаров бул билим берүү жайынан келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган чыныгы кесипкөй адистер тарбияланып чыксын деп тилек кылды.

Президент ошондой эле Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.