Президент Баткендин Максат айылында болду

Окуялар тизмеги 27 Май 2021 13:38
0 ой-пикир

 Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президент ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен баарлашууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.