Баткендик Адилдин атасы камакта калды

Окуялар тизмеги 26 Май 2021 17:15
0 ой-пикир

Россиянын Нижный Новгород шарынын аба майданында Тажикстандын өтүнүчү менен кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов абакта дагы үч айга калды.

Мажитовдун баш коргоо чарасы бүгүн, 26-майда өтүп, сот аны дагы 3 ай камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Тажикстан кыргызстандыкты кабыл алууга даяр экенин билдирип, расмий кат жолдогон.

“Учурда Кыргызстан тараптан жолдошума байланыштуу бир дагы документ барбаганын анын жактоочусу айтты. Президент жеке көзөмөлүмө алам деп убада берген эле, көрсө ал биздин көңүлүбүздү жубатып коюу үчүн гана айткан экен. Буга чейин барбаган жерим калган жок, Кыргыз бийлигине болгон ишенимим кетти. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Тышкы иштер министрлиги жана башка мекемелер тийиштүү чара көрбөптүр”, — деди айласы кеткен жубайы Р. Хамдамова.

Ошондой эле жолдошун буга чейин абакта чогу камалгандар кыйноого алганын айтып, аны башка жайга которбогонун кошумчалады.

Бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги учурда жооп берген жок. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан расмий кат менен кайрылгыла деп жооп узатты.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.