Нарын ОИИБи: Ат-Башы районунда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин улантууда

Окуялар тизмеги 24 Май 2021 16:09
0 ой-пикир

Ат-Башы РИИБнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагында жалпы билим берүүчү орто мектептеринде окуу жылы аяктап жаткандыгына жана акыркы коңгуроо онлайн режиминде өтүлүп жаткандыктан мектеп окуучуларынын коомдук коопсуздугун жана ар кандай кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында атайын иш мерчемдер түзүлүп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары жаш өспүрүмдөр арасында чоң адамдардын коштоосу жок жайкы эс алуучу жайларда эс алууну уюштурууну болтурбоо максатында айыл аймактарды кыдыруу менен ошол эле учурда эс алуучу жайларды иштетип жаткан жарандар менен жеринен жолугуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле быйылкы бүтүрүүчү мектеп окуучуларынын ата-энелерине балдарына карата көзөмөлдү күчөтүү максаты жок кечинде көчөгө чыгарбоо жагы эскертилип жатат.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.