Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курт каза болду

Окуялар тизмеги 24 Май 2021 08:57
0 ой-пикир

22-майда Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарындагы ардактуу консулу Мустафа Курт каза болгону кабарланды. Бул тууралуу маалыматты консулга караштуу «Башкент» платформасы жазды.

Маркум Мустафа Курт 2007-жылы ардактуу консул макамын алган. Ал Түркияда жеке ишкердик менен алектенип, эки өлкөнүн ортосунда инвестиция боюнча иш-чараларды уюштуруп келген.

Мустафа Курт жазуучу жана журналист болчу. Курт маданий иш-чараларды жетектеп, кыргызстандык студенттерге колдоо көрсөтүп келген.

Мустафа Курт коронавирус илдетине чалдыгып, бир канча жумадан бери ооруканада дарыланып жаткан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.