Кыргызстанда эки ачакей процесс жүрүүдө – мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү жана “Кумтөрдү” улутташтыруу. Бул жерде кандай тобокелчиликтер бар? Республика кандай пайда көрөт жана эмнени жоготот? Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын ИМЭМО АККнын постсоветтик изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин ia-centr менен болгон маегинде билдирди.
— Кыргыз бийлигинин мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү жана чет элдик инвесторлор иштеген “Кумтөр” кенин улутташтыруу боюнча демилгелеринин себеби эмнеде?
Акыркы менчиктештирүү жана улутташтыруу демилгелери — бул кыргыз бийлигинин бюджетти толтуруу жана атаандаштык чөйрөсүн түзүү аракети. Бирок алардын бул ыкмасы менен аталган демилгелерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү аз.
Мамлекеттик активдерди менчиктештирүү жолу менен инвесторлорду тартууга аракет кылган Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул дайыма эле натыйжалуу боло бербейт. Бир жагынан менчиктештирүү өтө жөнөкөй чечимдей сезилет. Анын үстүнө жеке менеджмент кыйла натыйжалуу, анткени ал пайда табууга багытталган. Кемчиликсиз чечимдей сезилет.
Практика жүзүндө баары башкача. Учурда колдонулуп жаткан салык салуу системасын эске алсак, бизнес салыктарды айланып өтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн алкагында алынып жаткан салыктарды жоготуу коркунучуна кептелет. Бул биринчи жагы.
Эреже боюнча, инвесторлорго мамлекет жеке колго өткөрүп берүүгө аракет кылып жаткан ишканалар кызык эмес.
Мындай долбоорлордун көбүндө отчеттуулук тартиби жок, операциялардын бир бөлүгү ачык болбойт ж.б. Сырткы инвесторлор үчүн мындай шарттар туура келбейт. Ички инвесторлор үчүн бул анчалык деле маанилүү эмес, бирок баары бир тобокелчиликтер бар. Анын бир нече себеби бар.
Биринчиден, акчасы бар жана оюндун ичик эрежелерин түшүнгөн көз карандысыз ишкерлердин саны аз. Экинчиден, мындай инвестициялардын келечеги бүдөмүк.
Кыргызстандын экономикалык абалы оор жана рыноктун өсүшүнө ишенүүгө болбойт. Объектти сатып алган компаниянын кирешеси көбөйөт деп эсептөө кыйын. Демек, Бишкектин менчиктештирүү демилгеси ишке ашпай калышы мүмкүн.
— Процесс идеалдуу болушу үчүн кандай болушу керек?
Идеалында менчиктештирүү көп жылдык планды камтышы керек. Компаниялар отчетторду даярдап, текшерүү жүргүзүп, иш тажрыйбасын анализдейт. Консультанттар рынокту изилдеп, сунуш даярдоо үчүн убакыт керек болот.
Мамлекет менчик укугун коргоого кепилдик берген күндө дагы бул узак мөөнөттү талап кылат, бирок тилекке каршы, Кыргызстанда андай кепилдик жок. Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу тууралуу айтпай эле коёлу.
Кыргызстан инвестоорлордун көп келүүсүнө жана бюджетке ири суммадагы акча алып келе турган ишканалардын ийгиликтүү сатылышына ишенбей эле койсо болот.
Кыргыз бийлигине “сыйкырдуу таяктай” көрүнгөн менчиктештирүү чечими эч кандай натыйжа бербейт.
— Эң начар натыйжа кандай болот?
Мамлекеттик макам менен эле жакшы иштеп жаткан ишканалар жоголот. Жагымсыз активдер сатылбай калат.
— “Кумтөр” кенин улутташтыруу идеясына кандай баа бересиз?
— Азыр Кыргызстанда эки ачакей процесс жүрүүдө. Жарыя кылынган менчиктештирүү мамлекеттин инвесторлорду тартуу боюнча стратегияcы бар экенинен кабар бериши керек. Бирок аны менен катар эле “Кумтөр” кенин улутташтыруу процесси жүрүүдө. Инвестициялык климат көз карашынан алсак, бул бардык кырдаалды өзгөртөт.
Кандай гана себептер болбосун, ишкананын макамын жана тышкы башкарууну өзгөртпөстөн, сотко жеткирбей эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Эгер “Кумтөрдү” улутташтыруу ишке ашса, анда бул Кыргызстандын инвестициялык климатына олуттуу сокку болот.
— Кыргызстандагы кен казыналарында иштеп жаткан россиялык жана кытайлык инвесторлор ушундай коркунучтардан корголгонбу?
— Талас облусундагы Россиянын “Жерүй” долбоору анын ачылышына Россиянын президенти Владимир Путиндин онлайн режимде катышкандыгы менен гана корголот. Кытай долбоорлорунун айланасында маал-маалы менен чыр-чатактардын чыгып жатканын көрүп жатабыз. “Кумтөрдү” улутташтыруу ишке ашса, башка чет элдик инвесторлорго кандай таасирин тийгизерин айтуу кыйын.