Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн
Мыйзамдарды сөзсүз түрдө үч окуудан өткөрүү тууралуу жобону Конституцияга киргизүү үчүн мен абдан көп күч жумшап, көп аракет кылдым. Бул 2007-жылы кезектеги Баш мыйзамды кабыл алуу учурунда болду.
Бул эреженин маңызы парламент туруктуу жана натыйжалуу мыйзамдарды кабыл алуусунда. Бул практика мурунку мыйзам чыгаруучулар шашылыш түрдө мыйзамдарды дароо кабыл алып, андан кийин аны өзгөртүп, толуктап чыгышкандыктан улам келип чыккан. Маңыз мында деле эмес, болгон шашылыш кабыл алынган мыйзамдар адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизгендигинде. Ошондо парламентаризмди колдогон теоретиктерде идея пайда болгон – мыйзамдар тыкыр каралып, бардык коркунучтар жана тобокелдиктер эске алынуу менен кабыл алынуусу зарыл. Ошондуктан мыйзамдарды 3 окуудан өткөрүү же үч жолу карап чыгуу процедурасы ойлонуп табылган. Азыр ал туруктуу, так жана эффективдүү мыйзамдарга жетүүнү каалаган цивилизациялуу дүйнөдө колдонулат.
Мен Жогорку Кеңештин мыйзамдарды кабыл алуу жыйынына катышканга чейин мыйзамдар кандай кабыл алынарын билчү эмесмин, себеби телевизор аркылуу алган маалыматтардан эч нерсени түшүнүүгө мүмкүн эмес эле. Мыйзам биринчи окууда кабыл алынды дегенди кээде эле укчумун. Экинчи жана үчүнчү окуу тууралуу такыр эле уккан эмесмин.
ЖКга депутат болуп келгенде гана мыйзам чыгаруу процессинин терс жактарын көрдүм. Депутаттарда заманбап парламент кантип иштеп, мыйзамдарды кандайча кабыл алуу керектиги тууралуу түшүнүк жок болчу. Мыйзамдар советтик практика менен депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алынып же кайра иштеп чыгууга эле жөнөтүлүп келген. Толуктоолорду стенограмма аркылуу эле кабыл алышчу. Кыскасы, бул процедуралардын баары аморфтуу болуп, мыйзам чыгарууга укугу жок сырттан келген адамдардын өзүм билемдик менен кийлигишүүсүнө жол берген.Бул эрежелер Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине, жада калса, эшиктен келген адамга толук эркиндик берип, мыйзамдарды өз кызыкчылыгына жараша өзгөртүп алууга мүмкүнчүлүк түзүп келген.
Көбүнчө мыйзамсыз толуктоолор киргизилип, бийликте масштабдуу коррупциянын жаралуусуна жол ачкан. Мыйзам долбоорун кабыл алуу этаптарын көзөмөлдөө жок болгон, башкача айтканда окуунун ар бир этабында депутат колунда тийиштүү документтин долбоорун алып, акыркы нускасы менен салыштыра алчу эмес. Башкача айтканда, бардыгы чиновниктердин жана кызыкдар лоббист депутаттардын колунда болчу.
Жада калса кабыл алынган документти комитетте кайра жазып, же бирөөнүн суранганындай кылып оңдоп койсо болчу. Ал мыйзамга эч бир депутат кайра кайрылып келчү эмес, себеби парламентте мыйзамдардын сапатына эмес, санын карашчу. «Канча көп болсо, ошончо жакшы» дегендей.
Ал эми каникулга чыгар алдында, акыркы жыйынында ЖК ондогон мыйзамдарды талкуусуз эле өткөрүп жиберчү.
Кызыкдар болгон адамдар дал ушул күнү талаш жаратуучу мыйзамдарды алып келип, өткөрүп кетишчү. Бирок парламентаризм прездентке жана өлкөнүн Өкмөтүнө мыйзам чыгаруу ишине аралашууга тыюу салат. Алар мыйзамга каршы келбеген жарлыктарды, буйруктарды жана жоболорду гана кабыл ала алышат. Депутаттардын саясий каалоосун юридикалык жактан каттатуу үчүн эксперт же консультант болгон аткаминерлер тууралуу айтпай эле коеюн.
Мыйзам долбоорун окуу деп эмнени түшүнүү керек жана аларды кантип жана кандай учурларда колдонсо болот.
1-окуу бул демилгечи алып чыккан мыйзамдын концепциясын угуу. Ал мыйзам долбоорунун тексти менен таанышып чыгышы үчүн белгилүү мөөнөттө бардык депутаттарга таратат. Эгерде мыйзам долбоору биринчи окууда өтсө, демек, ал өлкө жана коом үчүн пайдалуу экен дегенди билдирет. Мыйзам долбоорун 2-окууга даярдоо үчүн тиешелүү комитетке жөнөтүлөт. ЖКнын регламентинде документти даярдап, аны талкууга алып чыгуу үчүн 10 күндүк мөөнөт белгиленген. Комитет депутаттардын бардык сунуштарын талдап чыгат.
2-окуудагы талкууда жоопкерчиликтүү комитеттин төрагасы баяндамачы болот жана кандай сунуштар киргизилгенин, кайсу сунуштар эмне себептен кабыл алынбаганын баяндап берет. Мыйзам долбоорунун тексти кайрадан депутаттарга таратып берилет. Бул этапта депутаттар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштай алышат. Аларды кайрадан тиешелүү комитет талдап чыгат. Эгерде мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынса, аны депутаттардын сунушун эске алуу менен 3-окууга же парламентте добуш берүүгө даярдаш керек.
3-окууда депутаттар кайрадан мыйзам долбоорунун текстин карап чыгышып, “макул” же “каршы” деген добуш беришет. Мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынбай калган учурлар да болот. Кабыл алынганы турган мыйзам долбооруна сунуштарды киргизүүгө мүмкүн эмес. Депутаттар болгону добуш беришет.
Заманбап парламентте добуш берүү процедурасы талкуулоо процедурасынан бөлүнүп каралган, талкууланып жатканда сөзсүз бардык депутаттар катышуусу керек эмес. Бирок 3-окууда добуш берүү процедурасында сөзсүз бардык депутаттар катышуусу зарыл. Депутаттардын жыйындарга катышуусун парламенттик фракциялар, фракциянын депутаттардын арасынан тандалып алынган тартипке жооптуу болгондор камсыз кылышат. Алар «партиялык камчылар» деп аташат. Депутат катышпаса, анда алардын капчыгына өтө көп зыян келтире турчу айып пул салынат. Бундестагга болгон командировка учурунда мен немис депутаттарына салынган айып пулдун көлөмү жөнүндө билдим. Алар депутаттын добуш берүүгө катышпоосуна эч кандай себептер жүйө боло албайт дешти. Жада калса, депутат ооруканада, командировкада же тажияда экенине карабастан добуш берүүгө катышуусу зарыл. Немис кесиптештерим эгерде мыйзам коомго абдан зарыл болсо ооруп жаткан адамды замбилге салып алып келген учурлар да болгонун айтышты. Германиялык депутаттардын маянасы 10 миң евронун тегерегинде экен, ал эми жыйынга катышпай коюшса 600 евро айып пул салынат. Эгерде командировкада болсо – 250 евро, ооруканада болсо – 150 евро. Ал жакта бул айып пулдарга биздегидей көз жумуп кое турган базаркомдор, олигархтар жок, бирок орто класстагы өкүлдөр – жактоочулар, окумуштуулар, тажрыйбалуу саясатчылар көп.
Азыр бизде буга көнө албай жатышканы өкүндүрөт. Себеби 15 жыл өтпөдүбү. Депутаттар болсо Мыйзам долбоорлорунун окуусу деген эмне экенин түшүнүүгө аракет кылышпай келишет. Бирок парламенттин тажрыйбасында мыйзамдар дароо 3 окууда кабыл алынган учурлар бар. Редакциялык оңдоолор же өлкөнүн тагдырына таасир бербей турган мыйзамдар болсо дароо 3 окууда кабыл алына берет. Швецияда мындай мыйзамдарды комитеттин жыйынында эде кабыл алынып, дароо төраганын кол коюусуна жөнөтүлөт. Ал болсо редакциялап, резолюциясы менен премьерге же падышага жиберет. Мыйзамдын күчүнө кирүүсү үчүн монарх кол коет.
Ошондуктан 3 окуу процедурасы депутаттар бул же тигил мыйзам долбоору өлкөгө керекпи же жокпу деп ойлонуусу үчүн, ал өлкөгө пайда алып келеби же жокпу аныктап, ошондой эле мамлекетте туруктуу жана эффектвидүү мыйзам чыгарууну камсыз кылуу үчүн келип чыккан.
Мыйзам чыгаруу ишинин дагы бир маанилүү эрежеси. Мыйзамдар жарандар үчүн жазылат, ошондуктан алар шашылыш жазылбашы керек.