Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөдөн кийин Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду.
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, алар өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн ишинен алынды.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кызматынан бошотулду.
Булардан тышкары министрдин буйругу менен Биринчи май РИИБнүн башчысы Акылбек Казакеев, орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчү кызматкерлер иштен алынды.
Кызматтан бошотулгандардын катарында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) эки нөөмөтчү кызматкери да бар.
ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ), Биринчи май РИИБнүн жана Чүй облустук ОИИБнин бир нече кызматкерлерине “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү”, «катуу сөгүш» берилди.
Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазаланды.