Айзаданы уурдаган Замирбек 19-20 жыл мурун Казакстанга кетип дайынсыз жоголуп кеткен атасын таап келген

Окуялар тизмеги 10 Апр 2021 13:30
0 ой-пикир

10-апрелде Айзаданы ала качып кетип, муунтуп өлтүрдү делген, андан кийин суицидке барган Замирбек Теңизбаев Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жошолу айылынын айыл өкмөт башчысы Туратбек Абдрахманов билдирди.

Маалыматка караганда, Замирбек Теңизбаев турмуш шартына байланыштуу үй-бүлөсү менен 1995-жылы Бишкек шаарына көчүп кетишкен. Көп жылдан бери апасы менен Москвада жашап келген.

«Бул жактагы айылдагы 2 бөлмөлүү үйү киши жашабаганына байланыштуу каралбай калган. Ошондо каза болгон бала 3-классында көчүп кетишкен экен. Ошол бойдон ал бала былтыр, 2020-жылы келген. Ата-энеси ажырашып кеткенде, атасы 19-20 жыл мурун Казакстанга кетип дайынсыз жоголуп кеткен. Баласы Замирбек атасын ал жактан таап, бул жерге алып келип тийиштүү документтерин бүтүргөн. Ушул иштерге байланыштуу былтыр келип, бизге жолуккан. Мен аны көргөндө жакшы бала көрүнгөн. Баланын ата-энеси дагы жакшы адамдар эле.

Атасы Казакстанга жумуш издеп кетип, документтерин жоготуп бир казактын үйүндө анын жумушун кылып, малын карап, өзү трактор айдап, анын жерин айдап 20 жыл жүрө бериптир. Анан 2020-жылы баласы барып, издеп таап Казакстандан документи жок өткөрбөй койгондо, ошол жерде чуркап жүрүп атасы экенин далилдеп алып келген. Бул жакка келип атасы дарыланып, чогуу жашап калышты эле. Бул интернетке чейин чыккан, көбү көрсө керек. Андан бери 1 жыл өттү, атасынан кайра дайын жок окшойт. Бала былтыр келгенде айылдагы үйүнүн салыгын төлөп кеткен.

Ал 3 бир тууган, 2 уул 1 кыз. Замирбектин үйлөнгөнүнө ашып кетсе бир жыл болгон. Анын 1990-жылкы бир тууган иниси дагы Бишкек шаарында турат. Жанагы кырсык болгон жердеги кызыл унааны иниси такси кылып, айдап жүрчү. Кара-Балтадан ижарага алып, такси кызматында иштеп жүргөн. Анан Замирбек келип, берип тур деп сурап ушул иш болуп жатат», — деп билдирди аталган айыл өкмөт башчы Абдрахманов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.