Эмил Жураев, саясий илимдеринин доктору — атайын Еlgezit.kg үчүн
2020-жылдын октябрында орун алган окуялардан улам, 2021-жылды Кыргызстан көбүнесе шайлоолор үстүндө өткөрмөкчү болуп турат. 10-январда өлкө жаңы президент шайлады. 11-апрелде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жергиликтүү кеңештердин жаңы курамдары шайланат. Андан ары, алигиче такталбаган күз күнүндө, Кыргызстан былтыр болбой калган парламенттик шайлоону кайрадан өткөрөт. Ошол күзгү шайлоого байланыштуу бир канча ары бүдөмүк, ары талаштуу, ары талуу, бирок канткенде да маанилүү суроолор бар.
Күттүргөн жаңы парламент
Негизи, мыйзамга да, логикага да, саясый ырааттулукка да жараша, башка шайлоолордон мурда парламенттик шайлоо болушу керек эле. Иштеп турган мыйзамга ылайык, былтыр октябрда өткөн шайлоо жокко чыгарылгандан кийин, ал шайлоонун жаңыдан өткөрүлүшү декабрь айында болмокчу болуп, Борбордук шайлоо комиссиясы оболу так ошондой жарыя салган – шайлоо 20-декабрга дайындалган. Бирок бир топ саясый кызыкчылыктарга карап, мыйзамды четке түртө туруп, ал дайындама жокко чыгарылган да, парламенттик шайлоо жай айларына калтырылган. Эл арасында акыркы жылдары байма-бай сынга бөлөнүп, бир чети октябрь окуяларына себеп болгон, бир чети учурдагы баш мыйзамга бирден-бир доо келтирген, парламенттин 2015-жылы шайланган депутаттар курамы өз мөөнөттөрүн өздөрү узартып калышты.
Жаңы парламент курамы өз убагында шайланса, ал Кыргызстанда андан бери болуп жаткан чоң өзгөрүү процесстерине бир чети алда-канча бийигирээк жоопкерчилик менен карамак, бир чети ошол процесстердин легитимдүү – мыйзамга ылайык – болуусун камсыздамак, бир чети өлкөнү ар түр аша чапкандыктардан жана башаламандыктан обочо болууга өбөлгө болмок. Мөөнөтү бүткөн парламент, ишин мыйзамдан сырт уланта бергенде, ал дээрлик эч кандай жоопкерчилик ченемдерине баш ийбей калат. Андай ишмердиктин кесепети эбегейсиз чоң болушу мүмкүн, андай ишмердикке карата мыйзам тарабынан жоопкерчилик да ошончолук маанилүү – ал бийликти узурпациялоо деген кылмыш.
Парламенттик шайлоо жана саясий партиялар
Парламенттик башкаруу системасын сынга алып, четке кагууда, жана парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө чакырганда, эң эле маанилүү терс баа алган институт – саясий партиялар. Бул институтка карата байкалган терс мамиледе объективдүү, адилет негиз бар экендиги шексиз. Кыргыз шайлоо системасы партияларга таянып калгандан бери (2007-жылы), партиялар такай шайлоого катышуу жана парламентке кирүү үчүн керектелген унаа же билет сыяктуу болуп калгандыгы анык. Маселе, мындай көрүнүштү оңдоо үчүн партияларды шайлоодон жокко чыгарып салуу керекпи, же алардын табиятын, кызыкчылыктарын, эрежелерин өзгөртүп оңдоо керекпи – ошондо.
Жакшы иштеп бергенде, партиялык шайлоо жана өкүлчүлүк системасынын көптөгөн артыкчылыктары бар. Биринчиден, алар шайлоочулардын ар түр талаптарын чогултуп, уюшкан түрдө бийликке жеткире алышат; партиясыз, жеке өкүлдөр андай көптөгөн талаптарды чогултууда, жалпылаштырууда алсыз болот. Экинчиден, партиялык негиздеги шайлоо системасы аркылуу коомдун ар түрдүү катмарларынын өкүлдөрү шайланууга мүмкүнчүлүк алат. Партиясыз, жеке шайлоо системасында, коомдун каадасынча алсызыраак катмарлары – аялдар, жаштар, акчасыздар, ар түр азчылыктар – өз өкүлдөрүн парламентке жибере албай калышат. Үчүнчүдөн, партиялык өкүлчүлүк болгон жерде жылдан жылга, маселеден маселеге, чакырымдан чакырымга туруктуулук, өзөктүүлүк болмок; партиясыз системада, ар бир шайланган жеке өкүл өзү үчүн гана жооп берип, ар маселеде ар түрдүү көз карашта болушу мүмкүн, ар кандай таасир астында көз карашын өзгөртүүсү оңой, жана ар чакырыш сайын жаңы өкүлдөр шайланып, ага чейин каралып жаткан маселелер четте калып кете берүү кообу бар. Дагы бир нече ушу сыяктуу аргументтерди айта берсе болот.
Тилекке каршы, Кыргызстанда партиялык негизге коюлган шайлоо жана өкүлчүлүк системасы классикалык партиялык саясатка жеталбай, аты партиялык болсо да, заты партиясы жок эле, ар түр кишилердин, кызыкчылыктардын ыңгайына жараша чогулган тутуму болуп калды. Бул мандемди моюнга алып, кырдаалды өзгөртүү зарыл болуп турган чагы.
Шайлоо жана өкүлчүлүк системасын өзгөртүү варианттары
Учурда, Кыргызстан парламентин шайлоо боюнча үч вариант каралууда. Биринчиси – парламентти толугу менен бир мандаттуу мажоритардык (көпчүлүктүк деп которсок болот) система менен шайлоо. Башкача айтканда, Кыргызстан калкына жана аймагына жараша тартылган тиешелүү сандагы жеке шайлоо аймактарына бөлүнүп, ошолордун ар биринен көпчүлүк добуш алган бир өкүл шайланып келмек. Бул вариантты жактоонун биринчи эле себеби – акыркы жылдарда кемчиликтери менен тойгузган партиялык системаны жокко чыгаруу. 2007-жылга чейин Кыргызстанда болуп келип, 2005-жылы “Жоогазын ыңкылабына” алып келген парламенттик шайлоо так ушул мажоритардык система болчу. Ал өткөн жылдардагы чыгаан депутаттарды эстеп, бул шайлоо системасы кайра ошондой күчтүү өкүлдөрдү жаратат дегендер, арийне, катуу адашып жатышат. Бугүнкү күндө, ар жерде аймактык жарыштарда, жеке кандидаттар ат салышса кандай кишилер жеңип чыгаарын элестетип эле койуу жетиштүү.
Экинчи вариант – аралаш система кылып, парламенттеги мандаттардын бир бөлүгү жеке мандаттуу аймактардан шайланып, экинчи бир бөлүгү партиялык тизме системасы менен шайланмак. Бул системаны да Кыргызстан мурда эксперименттеп көргөн – 2000-жылкы шайлоодо, эки палаталуу парламент болуп, бир палатанын депутаттарынын азыраак бөлүгү партиялык тизме аркылуу шайланган. Ошол чакырылыш көрсөткөндөй, жарым-жартылай партиялык өкүлчүлүктүн болуусу эч практикалык мааниге ээ боло алган эмес. Ал системаны азыр кайра алып келүүнүн башкарууга, эффективдүү өкүлчүлүк маселесине эч кандай логикалык тиешеси жок. Бул сунуш пайда болуусунун бир эле себеби бар: партиялык системаны жактагандар менен мажоритардык жеке мандаттуу системаны жактагандар ортосунда эки тараптын тең көңүлүн алуу. Парламенттин жарымын партиялык негизде шайлаганда, ошол жарым мандаттар боюнча азыр сөгүшкө кабылган, кемчиликтери ашкереленген системанын кала берүүсү ого бетер логикага жатпайт.
Сунушталган үчүнчү вариант – парламенттик шайлоо толук бойдон партиялык система менен болуп, бирок добуш берүү мурдагыдай бекитилген тизме боюнча болбой, ар партиянын сунуштаган талапкерлери арасында шайлоочу өзүнө жаккан талапкерге артыкчылык берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок – преференциалдык добуш беруу системасы. Бул варианттын артыкчылыгы – жогоруда айтылган партиялык системанын жакшы жактарын сактап, андан ары өнүктүрүп кетүү менен бирге, шайлоочуларга да өзү жактырган өкүлдөрүн тандоого мүмкүнчүлүк берүү. Башкача айтканда, партиялык жана жеке мандаттуу мажоритардык системалардын арасында экөөнүн тең маанилүү артыкчылыктарын камтып, бирок экинчи вариантта сүрөттөлгөн маанисиз алараштыруудан баш тартуу.
Көрсөтүлгөн ушул үч вариант эл тандоосуна берилчү болсо, албетте, үчүнчү вариант жакшыраак экени айкын. Тилекке каршы, бул бейтааныш вариант даана түшүнүктүү болбогондуктан, анын логикасын, механизмдерин, анын күтүлгөн натыйжаларын тактабай туруп, четке кагуу байкалууда.
Кала берчү кооптор
Кайсы гана вариант тандалбасын, бир топ тобокелчиликтер дагы деле кала берет. Эң артыкчылыктуу деп өйдөдө айтылган преференциалдык шайлоо системасы киргенде деле кайсы бир маселелер жокко чыгуусу кыйын. Мунун негизги себеби – мыйзамдарды канчалык алмаштырбайлы, шайлоочу жарандарыбыз жана талапкер болчу мекендештер ошол эле кишилер, ал кишилердин түшүнүктөрү, көнгөн адаттары, пейилдери анчейин бат өзгөрө калбайт. Партия көрсөткөн тизменин ичинен көбүрөөк артыкчылык алып суурулуп чыгайын деп, тың чыкма кишилер эскиче манипуляцияларга, добуш сатып алууларга аракет кылаары бар. Партиялар да ар кайсы аймактан көбүрөөк жердеши, добушу бар делген кишилерди өз катарына тартып, идеялык, программалык тутумдар экинчи орунда калып калуу кообу да жок эмес. Артыкчылык алып, партиялык тизме ичинен суурулуп чыккан жеңүүчүлөр депутаттык мандат алаары менен, парламентте партиялык принципке баш ийбей, өз алдынча жолдорго түшүп кетүүсү да мүмкүн.
Мындай коопторго каршы ар түр жолдор, ыкмалар бар. Мисалы, өз партиясын жээриген ээн баштык болбоосу үчүн, партиялар ички уюмдук өнүгүүгө, ынтымакка, идеялык түпкүрдүүлүккө басым кылуусу абзел. Бурмалоо, сатып алуулар болбоосу үчүн, тиешелүү мыйзамдар бекем иштеп, жарандар өз салымын кошуусу керек. Булар сыяктуу маселелердин баарысын шайлоо системасын өзгөртүү менен эле чечип койуу мүмкүн эмес. Мындай чоң маселелерде оңгоруу көп сандаган элементтер, бири-бирин толуктаган механизмдер, бара-бара үйрөнүлгөн адаттардан куралат. Ар бир туура тандоо – мисалы, шайлоо системасы – чоңураак маселени оңгоруунун бир бөлүгү, а туура эмес болгон ар бир чечим – алгалоонун ордуна артка кеткен бир кадам.
Бул макала ар кандай деңгээлдеги шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду менен кызматташуунун алкагында даярдалды. Макалада айтылган пикирлер үчүн автор гана жооптуу; «Жалпы иш» коомдук фонду жана «Элгезит» басылмасы бул пикирлерге кошулбоосу мүмкүн.