«Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы болду

Окуялар тизмеги 04 Апр 2021 19:48
0 ой-пикир

Бишкекте бүгүн, 4-апрелде «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттү. Акцияда конституциялык реформага байланышкан талаптар коюлду.

Жүрүштүн уюштуруучусу Улан Үсөйүндүн билдиришинче, бул марш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдындагы соңку иш-чара.

“Референдумду дайындоо чечимин кабыл алууда көптөгөн мыйзам бузууларга дагы бир жолу адамдардын көңүлүн бургубуз келет. Биз бийликти Венеция комиссиясынын пикирин эске алууга чакырабыз. Жарандарды укугунан ажыраткан, тең салмактуулукту бузган, бийликти бир колго топтогон эмес, биз сыймыктана турган Конституцияга ылайык жашоону каалайбыз”.

Тынч жүрүш Темир жол бекетинин алдынан башталып, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.