Экс-премьер-министр жана Улуттук коопсуздук министрлигинин (азыркы УКМК) мурдагы башчысы, генерал-лейтенант Феликс Кулов Facebook баракчасына аскердик наамдардын девальвациясы жана Кыргызстандагы атайын наамдар тууралуу пикирин жазды.
Текстти толук беребиз:
“Маалыматтык агенттиктердин биринин сайтында “Той генералдары” деп аталган макаланы окуп калдым. Акыркы учурда генералдык наамдар берилгенден кийин бул темага байланыштуу көптөгөн пикирлер жазылды. Мен бул тема боюнча талкуудан алыс болдум, бирок бул маселеде айрым түшүнбөстүктөр пайда болгондуктан өз пикиримди билдирүүнү чечтим.
Алгач аскердик жана атайын наамдар тууралуу айтсам. Аскердик наамдар Коргоо министрлигинде жана УКМКда иштеген аскер кызматкерлерине берилет. Калгандарына атайын наамдар. Анын үстүнө экөө тең погон тагынып жүрүшөт, ошондуктан жарандык коомдо адашуу пайда болот. Кээ бир учурларда мен дагы бул же тигил форманы кийген кызматкерлер кайсы мекемеде иштерин билбей калам.
Эсимде, формачан таанышыма жолугуп калдым, армиянын генералыбы же маршалбы билбей турдум. Жаратылышты коргоо комитетинин жетекчиси болуп чыкты. Чындыгында, көпчүлүк, жада калса президенттик аппараттын юристтери дагы 3-2-1-класстагы мамлекеттик кеңешчи даражасы генерал-майор, генерал-лейтенант жана генерал-полковникке тең келет деп келишет. Ошондуктан, 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчи даражасы бар адам генералдык кызматка дайындалып, генерал-майор наамын алганда кызматтык тепкичтердин баарын басып өткөн кызматкерлердин күлкүсү келет.
Россиянын практикасын мисал катары келтиргим келип турат. Федералдык коопсуздук кызматынын генерал-полковниги Сергей Иванов РФнын Коргоо министри болуп дайындалганда ал форма кийбей, жарандык министр болуп калды. Бул туура. Эгерде ага армиянын генералы наамын ыйгарганда, армиядагылар кандай реакция кылары түшүнүктүү эле.
Совет маалында ИИМге башка органдардан келгендер (атап айтсам, прокуратурадан келгендер) үчүн мамлекеттик кеңешчи чини эч качан генералдык наамга тете эмес эле. Ошол маалда мамлекеттик кеңешчилер кызматка дайындалганда полковник наамын алышкан. Көз карандысыздыкты алгандан бери көптөгөн уюмдардын кызматкерлери погон тагынып башташты. Мурда, СССР убагында алар погон эмес, кийимдерине тагылчу башка белги тагынышчу.
Мыйзамга жана логикага ылайык, погон тагынгандардын кызматы аскердик уставдар менен жөнгө салынышы керек: тартиптик, согуштук, ички кызмат… Бирок практика жүзүндө андай болбой эле. Ошондуктан, мурда кандай болсо, ошого кайтып, аскердик жана атайын наамдарды девальвация кылбоо керек”.