Чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн жаш балдарга таттуу заттарды тараткан фактысы тикыр иликтенип жатат

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 13:31
0 ой-пикир
Жалал-Абадда чет элдик жарандардын жаш балдарга белгисиз таттууларды тараткан учуру милиция тарабынан иликтенүүдө

2021-жылдын 14-январь күнү саат 13:00 чамасында, Жалал-Абад ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын 40 жаштагы И.Д. аттуу тургуну кайрылып, Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика кичи шаарчасында чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн жаш балдарга таттуу заттарды таркатып жатышкандыгын айтып, жаш балдардын ден соолугу үчүн кооптонуп жаткандыгын билдирип, аталган заттарды алып, тактоо зарылдыгын билдирип телефон аркылуу чакыруу жасаган.

Аталган чакыруунун негизинде Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, окуяны жеринде текшерген учурда, чет элдиктер Түштүк Корея Республикасынын 3 жараны экендиги аныкталып, алардын өздүктөрү такталган. Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүдө: котормочусунун катышуусунда ооз эки түрдө берген көрсөтмөсүнө ылайык, алар 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын аймагына турист катары эс алып, көрүп кетүү үчүн келишкендигин жана 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика участкасына барып кыдырып, жер көрүп жүргөн учурда ал жерде ойноп жүргөн жаш балдарга өздөрү колунда көтөрүп жеп жүрүшкөн шириндик-таттуулардан берип ойнотушкандыгын, алардын оюнда эч кандай жамандык болбогондугун билдиришкен.

Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1980-ж.т. И.Д. аталган Корея улутундагы жарандар жаш балдарга белгисиз таттуу сымал нерселерди бергендиги боюнча чара көрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чогултулган тиешелүү материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жоруктар Кодексинин 126-беренесинин (Сапаты начар тамак-аш азыктарын сатуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Корея улутундагы атуулдардан алынган 10 даана таттууларга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.