Шайлоо алдында ачылып, жалган маалымат тараткан аккаунттар да жабылды. «Facebook» компаниясы 12-январда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирди.
Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган «Facebook» социалдык тармагындагы 193 аккаунтту, 246 баракчаны, 50 топту жана «Инстаграмдагы» 30 аккаунтту камтыган түйүн жок кылынган.
Андан тышкары негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтардын мазмунун комментарийлеп, жаңылыктарга багытталган баракчаларга билдирүүлөрдү жарыялап келген түйүн өчүрүлгөн. Ага «Фейсбуктагы» 92 аккаунт, 11 топ, төрт баракча жана “Инстаграмдагы” 30 аккаунт кирчү.
Сүрөт интернеттен алынды