Статистикага ылайык, аялдарын баккан эркектердин 40%ы аларга бийлик кылууга укуктуубуз деп эсептешет…
Шолпан Казакстанда туулган. Бишкекке жалындуу сүйүүнүн арты менен келген. Бекжан менен таанышкандан кийин Бишкекке келүүнү чечкен. Ал убакта аны келечектеги үй-бүлөлүк жашоо ойлондурган эмес. “Эң башкысы күйөөгө тийсем, андан кийин бактылуу жашоо күтүп турат”,- деп ойлогон кечээки секелек.
Ал өз окуясын айтып берүүгө макул болгондо колунда баласы бар эле жана көптөгөн уруштарды, басынтууну, сабоону башынан өткөргөн экен…
Шолпандын сөзүнө караганда, ал 4 жылдын ичинде бир топ чоңойгон, ал эми акыркы убакта ал баш калкалап жаткан кризистик борбор аны сактоочу жайга айланган.
— Шолпан, мунун баары кандайча башталды?
— Мен ал убакта колледжди бүткөн элем. Бош убактым көп эле. Курбумдун жигити Бишкекке бат-баттан барып турчу, бир жолу биз да ээрчип алдык. Ал көптөн бери курбумду Бишкекке алып барам деп жүрчү экен, курбум мени да ээрчитип алууну туура көрдү. Ошентип биз бул жакка келдик. Бизди Бекжан тосуп алды. Алар иштерин бүтүрүп жүрүштү, анын унаа оңдоочу жайы бар экен. Ал мага өтө кыйын жигит көрүндү. Жаш айырмабыз 7 жыл эле. Келбеттүү, күчтүү жана абройлуу. Алардын компаниясында кыздар бар болчу, бирок ал мени эле карап жатканын сездим. Мен биринчи жолу чегип, энергетик ичип баштадым, себеби Бекжан лидер болгон компаниядан айырмалангым келген жок. Таанышкандан кийин биз киного бат-баттан барчубуз, кийин тоого чогу бардык. Мен аны жакшы билип калдым деп ойлодум, менин ал тууралуу билгеним мага абдан жагып турду. Ошентип, биз жолугуп баштадык, бир нече айдан кийин чогу жашап калдык. Башында баары жакшы болчу. Биз көп убактыбызды бирге өткөрчүбүз. Ал мага абдан көп көңүл буруп турчу. Кетүүгө убакыт келгенде мен Бекжанга көнүп калганымды түшүндүм. Ал мени кал деп баштады.
— Ата-энең кандай кабыл алышты?
— Атам жок. Мен аны тааныбайм дагы, ал эми апам менен мамилем оор эле. Мен дайыма ага кереги жок экенимди сезчүмүн. Тайэжемдин үйүндө жашачумун. Ал мага ападай эле болуп калган, себеби өзүнүн балдары жок болчу. Ал менин Бишкекте каларымды укканда абдан капа болду. Ага жолукканда айта албай, билдирүү жазып жибердим, андан кийин чалдым. Ал бизди бөпөлөп багып алам деп ишендирди. Бирок ал жашоого даяр эмес экенсиң, менсиз эч нерсени чече албайсың дегени мага жакпай баштады, бирок мен ага абдан ишенчүмүн. Ал менин кийингенимди жактырбай, кандай кийим кийишим керектигин айтып баштады. Бир жакка барарда мага баладай эле мамиле кылчу: мен тамак жегим келип жатат десем, үйдөн жебейт белең дечү. Кийинчерээк боюмда бар экенин билдим. Бул күтүүсүз болду жана мен шок болдум. Бул ушунча тез болуп кетет экен деп ойлобоптурмун. Бара-бара толуп баштадым, муну жолдошума кантип айтарымды билбей жүрдүм.
— Бул силер күткөн, каалаган эле бала беле?
— Ооба да жок да десем болот. Чынын айтсам мен туманды эле аралап жүргөндөй болдум. Өзүмдүн апа болуп жатканымды элестете алчу эмесмин. Бекжан менен болгон сүйлөшүү өтө оор болду. Ал азыр эрте экенин, көйгөйлөр көп экенин, иши жүрүшпөй жатканын, мен үчүн баарын таштаганын айтып баштады. Ал абдан түнт болуп кетти, дайыма мага кыйкырып, бакырып баштады, андан соң аны мындай абалга мен жеткирип жатканымды айтчу. Мен буга ишенип, өзүмдү күнөөлөп баштадым. Мен ал эмнеге өзгөрүп кетти деп, анын себебин издей берчүмүн. Мен андан коркконум менен жумушунда кармалып калса сагынып да баштачумун. Тайэжем чалганда дайыма баары жакшы экенин айтчумун.
— Эмнеге?
—Билбейм. Балким ичимде өзүмдү-өзүм алдагым келчү. Бул жерден мага психолог эркектерден көз каранды болуу абалын түшүндүрүүгө аракет кылды. Башка өлкөгө келгеним жана боюмда болгону мени алсыз кылып, дароо чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн азайтканын түшүндүм. Бекжан менен болгон мамиле мага тозоктой сезилип баштады, кээ бир күндөрү сүйүүгө мас болуп, колуна көтөрүп алган, эркелешкен деле күндөр болду. Бул мени баары өзгөрүп, өз ордуна келет, чыныгы сүйүү бар деген үмүткө жетелечү. Бул эч кандай сүйүү эмес экенин эми түшүнүп отурам.
— Кетип калуу чечимин кантип кабыл алдың?
— Төрөгөнгө чейин өзүмдү-өзүм түшүнбөй эле жүрдүм. Бекжан абдан кеч келчү. Мас болуп келчү. Титиреп чыкчумун, бирок сүйлөшө алчу эмесмин, чындыкты билүүдөн коркчумун. Ошентип Амина төрөлгүчө жашадык. Мени тез жардам менен алып кетишти, анан операция жолу менен төрөй турганымды айтышты. Мен коркуп, Бекжанга чалып баштадым, ал трубканы албай, улам басып салып жатты, ошентип курбума жаздым. Ал кызым экөөбүздү чыгарып кеткени келгенде абдан катуу таарындым. Ооба, ал кечирим сурады, бирок бул көпкө созулган жок. Эч кандай үй-бүлө эмес экенибизди, жаңылганымды качан түшүнгөнүмдү билбейм. Бекжан көптөн бери башкаларга барып жүргөнүн мойнуна алды. Ал дайыма ойноп жүрө берерин, мен унчукпай жашашым керектигин айтты. Ошондо ал мени жаакка бир чапты, полго кулап түштүм. Ал чачыман сүйрөп, эки-үч жолу ичиме тээп жиберди. Мени сабап жатып: “акмак, бир жолу оозуңду ачып, бир сөз айтып көр” деп кыйкыра берди. Денем абдан ооруганы менен, жан дүйнөм андан дагы катуу жабыркады. Балам менен кайда барам, үйүм да жок, билимим да жок, жумушум да жок деп эле ойлоно бердим. Ашыкча сөз сүйлөөдөн коркуп эле, унчукпай жашап келдим. Бекжанга эч нерсе жакпай, кагып-силккенине дагы көнүп калдым. Унчукпай, көп нерсени ичиме сактаганды үйрөндүм. Амина үчүн баарына көнүп баштадым, бирок мен канча аракет кылганым менен, ал урушканга ошончо себеп таап баштады. Бир жолку уруштан кийин ал мени жаака чаап ийди, мурдум канап кетти. Амина башка бөлмөдө ыйлап жатты, мени болсо полго кадап салышкандай эле жаттым. Бекжан перекись алып кеткени чуркап кетти, канап жаткан мурдумду карап коркуп кетти, мага валерьянка берип, кечирим сурап жатты. Эмне кыларымды билбей отурдум. Бул окуя тууралуу кимдир бирөөгө айтуу мүмкүн эместей сезилди. Күйөөм сабаганына өзүмдү күнөөлөп, балким өзүм туура эмес кылып жатам деп ойлочумун.
Амина менен сейилдеп жүргөнүмдө кошунам менен сүйлөшүп калдым, мага жардам бергиси келгенин айтты. Мен абдан уялдым, анкени биздин уруш тууралуу эч кимбилбейт деп ойлочу элем. Көрсө, алар подъездден кыйкырыктарды укчу экен жада калса продъезддеги улуу эжеге да айтышыптыр. Ал мени кризистик борборго кайрыл деп көндүрүүгө аракет кылды, дарегин берди, акча да карматты.
Мен кризистик борборго дароо эле чалган жокмун. Аминаны атасынан айрып коем деген коркуу сезими болду. Бекжан өзгөрөт деп ойлочумун. Бир күнү мага бейтааныш кыз чалып, Бекжандан боюнда бар экенин айтканда эсиме келдим. Абдан жиним келип, бирөө мени танк менен тебелеп кеткендей эле болдум. Кечинде Бекжанга “баарын билем, мындан ары чыдай албайм” дедим. Ал күнү дагы сабады. Ал менин телефонумду тартып алды, кийинки күнү эч жакка барбай, үйдө калып калды. Улам эле бир нерселерди айта берди, ал менден эмнени каалап жатканын такыр түшүнө албай койдум. Амина болсо кечке ыйлай берди, көтөрсөм да басылбайт. Бекжан жинденип чуркап келип жатты. Анын кызыл көздөрү жана жансыз көз карашы дагы деле эсимде.
Биздин мамиле уят дегенимден, өзүмдү күнөөлөөп жашаганымдан жана менин жалгыздыгым менен эле кармалып, үзүлбөй турган экен. Бекжан менен байланышты үзгөнгө күчүм жеткенине дагы деле ишенбей кетем, ар кандай коркунучтуу түштөр кирет. Азыр өзүмдү дарылап, Аминанын апасы күчтүү болушун каалайм…
Шолпан жолугуп, өз окуясын айтып берүүгө макул болгондо мен сыртынан бактылуу көрүнгөн үй-бүлөдө деле зомбулук мамиле болорун түшүнүүгө аракет кылдым. Себеби зомбулук – бул физикалык жактан эле кордук көрсөтүү эмес (көгалалар, жаракаттар), ал эмоционалдык, жада калса, финансылык дагы басым кылуу. Басмырлоонун кандай түрү болбосун психикага таасир берет. Зомбулук жылдап созулган учурлар да жок эмес.
Тилекке каршы, мындай тагдырга кабылган жалгыз Шолпан эмес. Психологияда үй-бүлөлүк тиранды козуткан жабырлануучунун жүрүм-туруму боюнча жетиштүү изилдөөлөр бар. Мындай жүрүм-турум курмандык деп аталат (англисче victim — жабырлануучу). Бул сиздин төмөнкүдөй мамилеңизден улам пайда болот:
— өнөктөшүңүздүн ачуулануусунан корккондо;
— “жок” деп айтуудан коркуп, анын каарынан коркуп, анын таарынтпоого аракет кылганыңызда;
— башкалардын көзүнчө сизге начар мамиле кылганын актаганыңызда же кечиргениңизде;
— сиздин жашооңузга байланышкан чечимди өнөктөшүңүздүн пикирине жараша кабыл алганыңызда;
— сизди бала сымал урушса да сиз унчукпай тура бергениңизде же сиздин апаңыз тууралуу жаман айтса да үн катпаганыңызда.
Көбүнчө аялдардын чыдамдуулугу жана зөөкүрдүн жазасыз калганы аны жаңы зордук-зомбулукка түртөт. Ар бир адам ага карата жасалган мамилеге жол бергени үчүн ошондой мамилеге туш болуп жатканын эстен чыгарбоо керек.
Жазып алган: Джамиля Дандыбаева
Иллюстрация: Дениз Аберлин