Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Не сахар» долбоору менен бирге Бишкекте сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен өндүрүмдү сатуу фактысын аныктады.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, «ТТТ Компани» ишканасы Садыгалиев көчөсүндөгү кампада мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) ири өлчөмдө сактап, аларды саткан.
Мөөнөтү өткөн өндүрүм менен аныкталган кампага мөөр басылып, факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт www