Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин премьер-министр сунуштап жатат. Бул маселе 25-ноябрда Жогорку Кеңеште каралат. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.
Сүрөт интернеттен алынды