Эмилбек Джураев, политолог, «Элгезиттин» баяндамачысы
Жаңы жылга кирээри менен, 10-январда, Кыргызстандын эли жаңы президент маселесин чечет. Күтүүсүз жерден бул шайлоонун үч жыл эрте келгендигинин эң чоң себептеринин бири – президент өзүнө жүктөлгөн, андан күтүлгөн чоң вазийпаны толук кандуу аткара албагандыгында чыгаар. Тандоо маселесин чечүү – элдин колундагы макам, а ошол элдин тандоосуна татыктуу болуу – талапкерлердин бирден-бир умтулган максаты жана жоопкерчилиги. Эл башкарууга татыктуу президент болуу деген эмне? Бүгүн керектелген эл жетекчилик вазийпасы жөнүндө бир бүркүм ой толгоо.
Айта кетчү маанилүү нерсе – төмөнкү ойлор азыркы учурда иштеп жаткан Конституцияга ылайык айтылган ойлор.
Жакынкы күндөрдө, үгүттөө иштерине жол ачылаары менен, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуп катталган бир нече жарандар ар түркүн ойлору, пландары, убадалары менен эл алдына чыгышат. Бул иш-аракеттин жүрүшүндө бир нече буга чейин көнүмүшкө айланган ыкмалар болбосо экен. Алардын арасында:
- Куру убадалар: ар шайлоодо, кыргыз эли канчалаган апыртма убадаларды угуп келет. Маяналардын эселеп көбөйүүсү, экономиканын аргымактай алга атырылышы, кредиттердин дээрлик бекер берилиши, жумуш орундарынын ашып-ташуусу, жана башка. Эл акылы менен эмес, кулагы менен сүйөт дешеби, ишке ашырылгыс жомоктор айтылат.
- Ыйгарым укуктан сырт убадалар: Парламентке депутат болчу талапкер депутаттыкка тиешеси жок маселелерди, президенттикке талапкерлер президенттикке тиешеси жок маселелерди көтөрүшүп, баш мыйзамга да, практикага да шайкеш болбогон, убадалар байма-бай берилет.
- Жеңил популизм: популизм түшүнүгүнүн татаалыраак, тереңирээк да маанилери бар, бирок Кыргызстан саясатында одоно жеңил, үстүртөн келген популисттик ураандар үстөмдүк кылат – мисалы, “элдик бийлик керек”, “темирдей тартип орнотом”, “отуз жыл текке кетти” деген сыяктуу сөздөр. Бул ураандар көбүнесе “Эл талап кылып жатат” жана “Эл чечти” деген сөздөр менен коштолуп, өзү айткан обу жок ураандарды элдин мойнуна жоопкерчилик кылып таңуулап беришкени көп байкалат.
- Бүдөмүк-көбүк риторика: талапкермин дегендердин көпчүлүгү өз сөздөрүндө жана программаларында мааниси бүдөмүк келген, көбүк сымал түшүнүктөргө бай болушат. “Улуттук баалуулуктар”, “алдынкы өлкө болуу”, “элдин бай, бейпил жашоосу”, “таза бийлик” жана башка жакшы сөздөр айтылып, алардын конкреттүү кандай саясий программа, чечимдерге байланышканын өздөрү да чечмелей алышпайт.
Ушул жана буларга окшогон дагы башка мааниси аз, алдастоого тете болгон аракеттерден алыстап, эл менен чын дилден сүйлөшүп, жаңыча ой бөлүшүп, шайлоочунун купулуна толчу, жаранды ылдыйга эмес өйдөгө жетелечү талапкерлер чыгаар бекен деген суроо турат.
Кыргыз элине кандай президент керек?
Кыргыз элине “ата” болгон президент керек эмес. Буга чейинки 30 жылдык эле тарыхты талдап, биздин элге бирөө аталык, хандык кылганы өтпөйт экенин түшүнүш керек. Кошоматтанып, саясатчылардын кээ бирлери президенттерди обу жок бийиктикке теңеп, журт атасы, эл башы жана башка аттарды бергени – элдин тили эмес. Кыргыз элине теңчилдик өзгөчө мүнөздүү келип, бийлиги же байлыгы барды урматтаса урматтайт, бирок айга-күнгө теңебей калганы айкын.
Ошону менен бирге, кыргыз элине кул мүнөз, ээрчиме президент да керек эмес. Акыркы кездерде, эл шайлачу өкүлдөрдү (президент, депутаттар) кээ бир демократияны чала түшүнгөндөр “булар элдин кулдары” деп калышкан. Демократияда кулдар менен кул ээлери болушу мүмкүн эмес, мындай мамилелер байыркы падышалык бийликте гана болгон. Шайлануучу өкүлдөр элдин кызматкерлери дешсе бир жөн болмок. Канткенде да, президент болом дегендер, кул-мүнөз ойго берилип, “эл эмне талап кылса ошону жасайм, элге эмне туура келсе, мага да ошол туура” деген сымал ээрчиме, жалтак турумдан арылуусу абзел.
Демек, кыргыз элине бүгүн “журт атасы” да, “элдин кулу” да керек эмес болсо, изделип жаткан президент ушул эки аша чапкан позициянын ортосунда турган лидер – жетекчи – болушу керек. Мындай жетекчилик тартуулоонун бир нече белгиси бар.
Биринчиден, жетекчи президент Кыргызстан бугун кандай мамлекет, кандай коом экенин таамай аныктап, өлкөнүн жакынкы жана алыскы келечеги кандай болушу керек экенин сунуштай билүү. Ал келечекти айта келгенде, кеп Кыргызстандын экономикасынын өлчөмүндө эмес, элдин айлык киреше көрсөткүчүндө эмес, же Сингапурга окшоп калууда эмес. Булардан алда канча татаалыраак маселе турат. Дүйнөлүк өнүгүү багыттарын, жаңы коомдук, маданий, саясый, экономикалык мамилелерди эске алып, жалпы Кыргызстандын эли жана жеке кыргыз жараны кандай коом жана кандай киши болоорун даана сүрөттөп, сыпаттап берүүсү талап кылынат. Адам цивилизациясы беттеп турган чакырык, проблемалары кыргыз элине кандай таасир бериши мүмкүн, ал таасирлерге эптүү даярдык көрүш үчүн бүгүнкү кыргыз мамлекети эмне кылуусу зарыл, деген суроолорго жооп сунуштоо керек.
Экинчиден, өйдөнкү талапка жооп сунуштоо үчүн, эл жетекчилигине талапкер киши катардагы кыргыз жаранынын ой-мүдөөсүн попугай сыяктуу кайталабай, тескерисинче, ал жарандын көз карашын, түшүнүгүн алгалатууга, жогорулатууга өбөлгө болушу керек. Катардагы жарандын саясаттан, мыйзамдан, экономикалык түзүлүштөн башка толтура иши бар; бул маселелерди катардагы жаран өзү жиликтеп билсе, анда жетекчи шайлоонун кажети эмне эле. Башкача айтканда, эл жетекчиси “эл айтса туура айтат” деген принципти карманып, өзүнүн жетекчилик ролун жокко чыгарып алса, ал анын жалкоолугунан, билимсиздигинен, интеллектуалдык чабалдыгынан кабар берет. Чыныгы эл жетекчиси өз элин алга, өйдөгө жетелейт, эл баскан жакка ээрчүү менен чектелбейт.
Үчүнчүдөн, өйдөңкү эки талапка жооп берүү үчүн, элге жетекчи болом деген киши эл менен чын дилден ачык диалог курууга батынып, кыйын суроолордон качпаган, ачуу маселелерди элге айткандан коркпогон лидер болуусу абзел. “Ийри отуруп түз кеңешкенди” кыргыз эли мурдатан баалап келген. Жеткиликтүү, канааттандырчу ой бөлүшүүнүн өзү оңой эмес лидерлик сыпат. Тилдин артында бекем ой, билим, терең түшүнүк болбосо, тил алдына деле ынанымдуу сөз чыгуусу кыйын. Ынанымдуу сөзүн элге жеткире билүү, түшүндүрө билүү деген, өз элин жакшы билүү дегенге, элинин мүдөөсүн, табитин мыкты билүү дегенге тете.
Төртүнчүдөн, айтылган үч талапты ишке ашыра келгенде, болочок эл жетекчиси бир катар чоң темаларды чалкап, түпкүрүнө жеткире жиликтеп, шайлоочу элге оң-тескерисин, бүгүнкүсү менен эртенкисин ортого салуусу жакшы болмок. Бул темалардын катарында азыр биздин коомдо өзгөчө маанилүү, чукул болгон төмөнкү маселелер бар:
- Эркиндик: кыргыз коому үчүн, бул бийик түшүнүктүн практикалык колдонуму эмне, саясый, интеллектуалдык, экономикалык жааттардагы мааниси кандай? Азыркы коом турмушунда эркиндик каерде орун алууда, кандай таасир берүүдө?
- Адилеттүүлүк: коррупцияга, мыйзам бузууга, уурулукка белден баткан коомубузда адилеттүүлүктүн баасы кандай, анын жолдору кандай? Ага жетишүүнүн тоскоолдуктары эмнелер, ал тоскоолдуктарды канткенде жеңсе болот?
- Жарандык: Кыргызстанда жарандык түшүнүгү кандай мааниге ээ болуп келатат, жана кандай нукта алга карай өнүгүүсү керек? Жакшы жаран кандай сыпаттарга, баалуулуктарга ээ болушу керек? Эмнелер жакшы жаранды бузат, жана эмнелер кемчиликтүү жаранды жакшыртат?
- Конституция: бул татаал түшүнүктүн өлкө өнүгүүсүндөгү мааниси кандай, баш мыйзамдын Кыргызстанда ашкере бат-бат өзгөртүлүп туруусуна себептер эмнелер, жана конституциянын мыйзамдык статусунан сырткары башка кандай маанилери бар?
- Эгемендик: Дүйнөдөгү 200дөй элдердин катарында эгемендик карманган кыргыз эли үчүн бул статус эмне мааниге ээ? Эгемен мамлекеттин башка өлкөлөр менен мамилелери кандай болуусу керек? Эгемендиктин өлкө ичиндеги, коом алдындагы мааниси эмнеде?
Булар, албетте, элге тиешелүү жана эл жетекчисин ойлондурчу маселелердин бир бүркүмү гана. Ушул жана бул сыяктуу башка маселелерди майын чыгара талкуулай билүү оңой эмес. Мындай чоң маселелерди талкуулоо аркылуу элдин эң актуалдуу проблемаларын чечүүнүн, эртенки күнгө карай үмүттөрдү, шыктанууну жаратуу, катардагы ар бир жаранга алга карай басууга багыт көрсөтүп берүү – ого бетер кыйын, өзгөчө чыгаан эл жетекчилердин гана колунан келчү мүдөө. Мындай талаптарга чыныгы билими жана дүйнө таанымы терең, акылман, басып келген жолу таза, элге болгон сүйүүсү күч киши гана жооп бере алат.
Мындай талаптарга жооп бербеген талапкерлер көп. Алар, адатынча, негизсиз куру убадаларга, жалган сөзгө, көбүк сымал апыртмаларга, президенттикке тиешеси жок майда-барат, обочо темаларга алаксытууга басым жасайт. Буларга кошо, кадимки добуш сатып алуу жана башка бурмалоо ыкмаларына кайрылат. Мындай жолдор менен келген президент өлкөнү артка гана тартаары анык. Шайлоочу кыргыз эли муну бекем түшүнүүсү зарыл.
Макала «Общее дело»/«Жалпы иш» коомдук фондунун КР президенттик шайлоосуна карата демилгесинин алкагында жазылды. Макалада келтирилген ойлор авторго гана таандык.