Суперпрезиденттик башкаруу, цензура, алсыз парламент. Конституциянын жаңы долбоору бизге кандай өзгөрүүлөрдү алып келе жатат?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 19 Ноя 2020 18:35
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун күнүн белгилөө тууралуу мыйзам демилгелешти. Ал парламенттин расмий сайтына коомдук талкууга коюлду. Биз анын маанисин талдап, азыр иштеп жаткан Баш мыйзамдан эмнеси менен айырмаланарына абай салып көрдүк.

Кириш сөз

· Кириш сөздө Конституция “адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналган эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти курууга” багытталганы тууралуу пункт толугу менен алынып салынган. Ошондой эле, Баш мыйзамдын долбоорунда адамдын бир катар негизги укуктары жок: маалымат алуу укугу, кайрылуу укугу, маалыматты эркин чогултуу жана жайылтуу укугу, ошондой эле эч кандай жол менен чектелбеши керек болгон укуктардын тизмеси жок.

· Ошондой эле кириш сөздө “укук үстөмдүгүн камсыздоо” пункту дагы жокко чыгарылган. Анын ордуна “адеп-ахлактык баалуулуктарды жана социалдык адилеттүүлүктүн үстөмдүгүн орнотуу” пункту киргизилген.

· Эски текстте “элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырлар” тууралуу жазылса, жаңысында анын ордуна “Айкөл Манастын осуяттарын жана салттарына таянуу” тууралуу жазылган.

· Конституция биргелешип Кыргызстан элин түзгөн кыргыздардын жана бардык башка этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт деген пункт өтө чоң суроо жаратат. Демек, Кыргызстандын элин түзбөгөн башка этностордун өкүлдөрүн, мисалы туристтердин, дипкорпустун, өлкө конокторунун укуктарын Баш мыйзам коргобойбу?

Элдик курултай – өлкөдөгү параллелдик парламентпи?

«Курултай» деген түшүнүк мамлекеттик маанилүү маселелерди чече турган элдик орган. Тарыхта – европалык парламенттин азиялык аналогу болчу. Өлкөдө эл тарабынан шайланган, Жогорку Кеңеш деп аталган конституциялык парламент бар кезде, курултайды киргизүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле түшүнүксүз. Жогору жактын сөзүнөн чыкпай турган, “дүжүр” органга айланып кетүү коркунучу бар парраллелдүү коллегиалдык орган түзүүнүн эмне кереги бар эле?

Элдик курултай деген эмне жана ал эмне иш аткарат?

1. Конституциянын жаңы долбоорунда жаңы “элдик бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку органы – Элдик курултай” деген түшүнүк пайда болду. Ал “аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт”.

2. Конституция боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген кызматына ылайык келбестиги жөнүндө сунуштарды бере алат. Акыркы чечимди президент кабыл алат.

3. Элдик курултай президентке же Өкмөт башчыга импичмент же ишенбөөчүлүк жарыялоого, Жогорку Кеңешти таратууга укуктуубу же жокпу белгисиз. Элдик курултайдын укуктары жана милдеттери өзүнчө конституциялык мыйзамда кеңири жазылат экен.

4. Ошондой эле Конституцияда Элдик курултайдын формалдуу укуктары жазылган — мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарынын маселелери боюнча Президентке сунуштарды киргизет. Элдик Курултайдын Төрагасынын, Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын отчетторун угат.

5. Жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү Элдик курултай түзүү пландалууда. Мисалы, Ысык-Көл, Ош ж.б. облустарынын Элдик курултайы.

КРнын президентинин ыйгарым укуктары өтө көп

Конституциянын жаңы долбоору боюнча өлкө президентине абсолюттук укук берилген, мамлекетти жана бийликтин аткаруу бутагын башкарат, соттордун баарын дайындайт.

1. Мурда президент 6 жылга 1 жолку мөөнөткө гана шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча президент 5 жылга жана 2 мөөнөткө шайлана алат. Бул жерде карама-каршылык бар. Конституциянын жаңы долбоорунда бир киши эки жолу президент болуп шайлана албастыгы жазылган. Мыйзам боюнча, мамлекеттик тилде, башкача айтканда, кыргызча жазылган долбоор түпнуска болуп саналат.

2. Жаңы Конституция боюнча президент мамлекет башчы жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Президент Өкмөттүн курамын жана түзүмүн аныктайт. Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Өкмөткө жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Өкмөттүн жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызматынан убактылуу четтетет. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.

3. Мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринин санын оптимизациялоо үчүн Өкмөттүн ишин жүргүзүүнү президенттик администрация камсыз кылат. Демек, бул КРнын Өкмөтүнүн аппараты болбойт дегендик.

Азыркы Конституция боюнча аткаруу бийлигин өлкөнүн премьер-министри жетектейт, Өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы түзөт, Өкмөт башчы парламентке отчет берет.

Президентте мыйзам демилгелөө укугу пайда болду. Мурда мындай укук КРнын ЖКсынын депутаттарында, 10 миңден кем эмес кол топтогон элде жана КРнын Өкмөтүндө эле бар болчу.

Президент кимди кызматка дайындайт жана бошотот?

· Өкмөт башчысын (премьер-министр эми ушундай аталат), анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;

· Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт;

· Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт;

· Эсеп палатасынын төрагасын дайындайт;

· Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет;

· Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

· Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт (Мурда жергиликтүү соттордун төрагаларын судьялар өздөрү шайлачу);

· Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт;

· жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт;

· Аткаруу бийлигинин бардык жетекчилерин дайындайт.

Президент бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке кимдерди сунуштайт:

— Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет; — Улуттук банктын төрагасынын талапкерлигин;

— Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын;

— Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет.

2021-жылдын 10-январында болчу президенттик шайлоодо жаңы Конституция иштебейт

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Бирок Конституциянын жаңы нормалары ага таасир бербейт, себеби Баш мыйзамдын долбоору элдик референдумга дал ушул күнү – 10-январда коюлат.

Бул демек, президент 10-январда 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Ал эми жаңы Конституция кабыл алынып кала турган болсо, кайрадан талапкерлигин кое алат.

Эске салсак, азыркы Конституцияга ылайык, президент эки жолку мөөнөткө шайлана албайт.

Күчү жок парламент — ЖКда мыйзам чыгаруучу функция гана калат

· Жаңы конституциянын долбоору боюнча, Жогорку Кеңеш негизги функцияларынан айрылды – Өкмөттүн түзүмүн аныктап, анын курамын түзүп, программасын бекитип, премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн чечимдерди кабыл алуу укугунан ажырады.

Бул өлкөдөгү Конституция менен бекиген парламентаризмдин негизги элементи болчу. Норма иштеген деле эмес деңизчи, бирок иш жүзүндө чечимдерди президенттик аппарат кабыл алганы менен формалдуу түрдө парламентаризм бар болуп, келечекте күчтүү, көз карандысыз Жогорку Кеңеш түзүлүп, өлкөдө парламентаризм принцибин ишке ашыруу мүмкүн болот деген үмүт берип турчу.

Эски Конституция боюнча Өкмоттү парламенттеги көпчүлүк коалиция түзчү – ЖКдагы бир канча партиялар. Азыр министрлер кабинетин түзүү боюнча бардык укуктар президентке жана бир азы Элдик курултайга өткөнү турат.

Муну менен катар эле мыйзам чыгаруучу органда Өкмөттү түзүүгө, мыйзамдарды кабыл алууга жана президенттин жыл сайын айткан сөздөрүн угууга макулдук берүүчү гана укуктар калды.

Өкмөт эми парламентке жмес, президентке отчет берет

· Жогорку Кенеш 90 депутаттан туруп, 5 жылга шайланат. Депутаттар кандай система менен шайланары 0 мажоритардыкпы (бир мандаттуу), пропорционалдуубу (партиялык) же аралашпы, өзүнчө Конституциялык мыйзамда жазылат. Бизге жеткен маалымат боюнча, аралаш система колдонулат, анда депутаттардын бир бөлүгү бир мандаттуу округдан шайланышса, калганы партиялык тизме менен келишет.

• Ошондой эле Конституциядан, Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланбайт жана депутатты чакыртып алууга жол берилбейт деген норма жоголуп кетти. Кыязы, эми каалаган жагымсыз жана ыңгайсыз депутаттарды чакырып алууга болот …

Өкмөт башчынын эмне кереги бар?

Эгерде президент бардык аткаруу бийлигин жетектеп, төрагалык кылууга да укуктуу болсо анда Өкмөт башчынын эмне кереги бар? Мурда Өмөттүн курамы жана премьер-министр Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы тарабынан тандалчу, эми азыр бул укук президентке берилген, болгону парламенттин макулдугу керек. Мындай болгон соң Өкмөт башчысы институтун жоюп, анын функцияларын президентке эле берип салуу керек болчу.

Жаңы Конституцияда Өкмөткө болгону 3 берене жана 12 пункт гана берилген, анда алардын укуктары жана милдеттери жазылган. Атап атйканда, Өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат, жарандардын эркиндигин, укуктарын камсыз кылып, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулук менен күрөшөт;

финансылык, баа жана тариф, инвестициялык жана салыктык саясатты жүргузөт; республикалык бюджетти иштеп чыгып, анын аткарылуусун камсыз кылат ж.б.

Конституциялык сот жана бийликтин соттук бутагы

1. Конституциянын жаңы долбоору боюнча Конституциялык палатанын ордуна Конституциялык сот түзүлөт.

2. Дагы бир кызыктуу өзгөртүү – эми Конституциялык жана Жогорку сот ыйгарым укуктарынын алкагында мыйзам демилгелөө укугуна ээ. Мурда мыйзам чыгаруу укугу КРнын Жогорку Кеңешинде, 10 миңден кем эмес кол топтогон элде жана ӨКмөттө гана болгон.

3. Жогоруда белгиленгендей, жергиликтүү соттордун төрагасын судьялар өздөрү эмес, презилент дайындайт.

Жаңы Конституция менен цензура жана сөз эркиндигине чектөөлөр киргизилип жатабы?

Интернетте 23-берене абдан талкууланууда, интернет колдонуучулар анда өлкөдө цензураны орнотууну каалап жатышканын жазышууда, баса, ушул эле Конституцияда цензурага жол берилбестиги да жазылган.

23-берене.

1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

“Жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарды, Кыргызстан элинин каада-салттарын, ошондой эле эл аралык стандарттарды” ким жана эмненин негизинде аныктайт деген суроо туулат, ошондой эле “Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына” зыян келтирилгенин ким аныктап чыгат? Эгерде Кыргызстандын элинин баалуулуктары менен эл аралык стандарттар бири-бирине каршы келип калса эмне болот?

Бул норма 6-чакырылыш кабыл алган манипуляция боюнча чуулгандуу мыйзам долбоорун эске салды. Анда бир катар эксперттер, медиа сектордун өкүлдөрү жана блогерлер мыйзам долбоорун кескин сынга алып, депутаттарды өлкөдө цензура орнотууга аракет кылып жатат деп айыпташкан болчу.

Корутунду

1. Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда тең салмактуулук тутумунун негизги конституциялык принцибин бузган президенттик башкарууга карата кескин ыктоо бар. Президенттик бийликке эч ким тоскоол боло албайт. Ошол эле учурда, өлкөдөгү кырдаал үчүн жекече жоопкерчилик пайда болот. Саясий, экономикалык, медициналык жана башка кризистер болгон учурда, аткаруу бийлигинин башчысы — Кыргыз Республикасынын Президенти түздөн-түз жоопкерчилик тартат.

2. Баш мыйзамда конституцияга каршы келген бийлик органы — Элдик курултай пайда болду. Акыркы жолу мындай институт илгерки заманда мыйзамдуу иштеп келген. Азыр курултайдын иш-милдеттери эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңешке таандык.

3. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу органына айланып, ал өкүлчүлүк функцияларынан жана бийликке жана аткаруу бийлиги тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан программаларга таасир берүү рычагдарынан ажыратылат. Парламенттин макулдугу керек болгон кызматтардын саны кыскартылды.

4. Өкмөт башчысы портфели жок, номиналдык министрге айланат, анын функциялары жана милдеттери так эмес.

5. Жаңы Конституция адамдагы табигый укуктарга жана эркиндиктерге, сөз эркиндигине, маалымат каражаттарына жана пикирлердин плюрализмине коркунучтарды жаратат. Көптөгөн табигый укуктар менен эркиндиктер адеп-ахлактык принциптер жана элдин каада-салттарына шилтеме менен алмаштырылды, бул азыркы демократиялык жана укуктук мамлекет үчүн кабыл алынгыс көрүнүш.

6. Баш мыйзамдын долбоорунда сот реформасында артка чегинүү болгон. Соттордун көз карандысыздык принциби бузулган — президент соттордун төрагасын жана Фемида кызматкерлерин жеке өзү дайындап, сотторду анын администрациясына көз каранды кылат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору 2007-жылдын декабрындагы Конституцияга окшоп кетип жатат. Анда да президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, депутаттардын саны 90 болуп, элдик курултайларды чакыруу мүмкүнчүлүгү каралган эле. Бирок жада калса ошол Конституцияда дагы аткаруу бийлигин президент эмес, премьер-министр башкарары жазылган эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.