Опера жана балет театрынын мурдагы жетекчиси Болот Осмонов кармалды, — Финпол

Окуялар тизмеги 19 Ноя 2020 14:45
0 ой-пикир

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы жетекчиси Болот Осмонов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп шек менен кармалды. Бул тууралуу 19-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, ал мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирген деп айыпталууда.

«Бул мекеменин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин жана маданият менен искусствонун кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке өзгөчө чоң өлчөмдөгү – 1 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды», — деди ал.

Болот Осмонов театрды 2015-2019-жылдары жетектеген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.