Улуттук тарых музейинин алдындагы тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, хромдолгон темир тосмо музейдин алдыңкы бөлүгүндө гана 2018-жылдын август айында реконструкциялоонун I этабынын алкагында орнотулган.
«Тосмонун бийиктиги 3 метрди түзөт. Тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган», — деп айтылат маалыматта.