Бул бир жыл мурун болгон. Ак көйнөк кийип, ак бантик тагынган, колуна бажырайган гүлдөрдү кармаган окуучулар эшигин кенен ачкан мектептерге кубаныч менен жөнөшкөн. Мындай кубанычтуу, толкунданткан учурда ар бир жүзгө үңүлүп карап, ар биринин жан дүйнөсүн билүүгө мүмкүн эмес, баардыгы калейдоскоптогудай эле жаркырайт.
Ошентип ар бир ата-эне кычырап кийинген балдарын биринчи класска беришет. Дал ушул жерден ал сырткы кийими менен башкалардан айырмаланып калды. Эскилиги жеткен кийим, бантиктин ордунда байланган чач, көздөрү капканга түшкөн чычкандыкындай.
Мугалимдин “Сенин атың ким?” деген суроосуна: Шура деп араң жооп берди.
Менин тентек кызым: “Менин атым Сания!” деп кубанычтуу жооп берди.
Сания дароо эле курбуларды таап алды, ал кичинесинен эле айланасына балдарды топтоп, чогу ойноп кеткен көңүлү жайдары кыз.
Ал эми Шура болсо дайыма класстан чыкчу эмес. Жалгыз келип, жалгыз отуруп, жалгыз кетчү. Аны алып кетүүгө эч ким эч качан келген эмес. Карыган кемпирлердей болуп ал китеп-дептерлерин чогултуп алып күзүндө чаңы көккө сапырылып, кышында кар эрисе ылайга баткан тар көчөгө жөнөчү.
Кир күрмө, бырыш кийим, жуулбаган бет анын жаман шартта жашарынан, бактысыз экенинен кабар берип турчу.
Ооба, анын жүзү алдабаптыр. Өзүңөр билгендей мектептеги маалыматтардын баары ата-энелердин чаттардагы жазышуусу эмеспи.
“Бул эмне болгон кыз? Биздин класска кайдан келип калган?”, — деп нааразы болгон апалар да болду.
Жакыр жашаган Шура көп ыйлачу, жашын кир колу менен аарчып, бети ого бетер кирдеп калчу эле.
Көрсө, Шура жетим экен. Жетим деп айтуу да туура эмес, тагдыры ушундай экен. Анын атасы мас болуп аялын өлтүрүп койгон. Аны түрмөгө камап, Шураны болсо атасынын эжесине беришкен.
Шуранын эжеси аны катуу кармаш керек, эркелетпеш керек деп тарбиялаган. Жаңы кийим? Эркелеткен сөздөр? Дагы эмне! Шура болсо кычагансып баарын тетири жасачу: начар окучу, сабак учурунда жооп берчү эмес, эмдигиче тамгаларды таанып бүтө элек… Эмне мен аны окутмак белем? Мугалими бар, ошол үйрөтсүн. Менин болсо ишим бар, кызым бар, аны ким бакмак эле? Шура дайыма атама баргым келет деп ыйлайт. Туура, атаңа түрмөгө бар!
Эжеси Шураны сабачу экен, аны биз кийин билдик. Шуранын жини тез келерин, ыйлаак экенин, жаман эч нерсе болбосо деле дайыма ый аралаш сүйлөөрүн баары билчү. Жаалданган күчүктөй эле жинденип, балдар менен мушташып кетчү. Ата-энелер дайыма келип, Шурага нааразычылыгын билдиришчү. Биринин көйнөгүн айрып салат, биринин китептерин айрып салат…
Бир жолу Шура классташынын бетин тытып салыптыр, кезектеги бул окуядан кийин класс жетекчиси эжесин мектепке чакырды. Мени болсо ата-энелер комитетинин жетекчиси катары калуумду суранды.
Класска толмочунан келген, чачы карэ болуп кесилген, жалтыраган көйнөк кийген, чоң сумка асынган 40 жаштардагы аял кирди. Мен класстын арт жагында, шкафтын жанында отурган элем, мени дароо көрүү мүмкүн эмес болчу. Бирок ал жактан мага баары даана көрүнүп турду. Ал эки жыл мурда менин балам Сания барган бала бакчада иштечү, ал кызымды дайыма мактап: кандай тыкан, зээндүү кызыңыз бар деп турчу. Мунун себебин мен кийин түшүндүм. Жолдошум театрда иштечү жана дайыма 2 кишилик чакыруу билеттерин берип турчу. Анын, Анжела Петровнанын менин кызымдан улуу кызы бар эле, жумушуна дайыма ээрчитип алчу.
Аңгыча кызы класска баш багып: “Апа, качан кетебиз?”, — деп сурап калды.
“Азыр, мени күтүп тур, сүйлөшүп бүтөйүн”,- деди.
Анан нааразычылыгын айтып, арызданып баштады: Бул Шурадан эч кандай пайда жок, сабактарын аткаргысы келбейт, үйдө да жардам бербейт, жүдөп кеттим аны менен, атасы түрмөдө отурган кызды эмне кыла алам…
Мугалимибиз Кристина Алиевнага бул ыйлаак. Чачы таралбаган, жуунбаган тентек кыз жакчу эмес. Ал Шураны эжесине кошулуп жамандап баштады: ооба, ооба, баары туура, мен ишенем, мен да класстан аны окута албай убарамын.
Мен алардын сөзүн угуп отуруп Саниянын сөзүн эстедим. Ал мага Кристина Алиевна Шураны колго чапканда, кызыл так калып калганын айтып берген эле, Сания мугалимдер эмнеге мугалимдер жана балдар Шураны жаман көрөрүн түшүнчү эмес. Сулуу эмес үчүн, тыкан эмес үчүн, жакшы окубагандыгы үчүн аны баары жаман көрүшчү.
“Сен дагы Шура менен достошкуң келбейби?”-деп сурадым мен Саниядан. Бул Шуранын эжесин мектепке чакырганга чейин бир күн мурда болгон эле.
Ал унчукпай туруп, бир маалда “жок” деген жооп айтты. Ал сасып турат, сулуу эмес, ыйлаак, мурду агып турат. Ал менен эч ким ойногусу келбейт, ага эч ким болушпайт.
Бул кызым менен сүйлөшкөн эң оор тема эле. Мен Санияга адамдар сулуу болбошу мүмкүн экенин, Шуранын ушундай болуп калганы үчүн түшүнүү керектигин айттым. Себеби анын апасы өлүп калганын, атасы алыстарга кеткенин айттым. Түрмөдө деп айта албадым, себеби аны айтсам болгон окуянын баарын түшүндүрүп беришим керек эле.
Мен Шуранын эжесинин кызы дайыма таза, тыкан жүрөрүн, чачтары өрүлүп турганын билдим. Аны көргөн киши ыйлаак, бети-башы кир тууганы бар жана ал аны сабап турат деп ойлобойт.
Бул окуя мага өгөй кыздын окуясын эске салды, мен азыркы жашоодо мындай учурлар жок деп ойлочумун.
Кийин бул жолугушуудан соң Шураны эжеси мектептен алып кетип жатканын бир нече жолу көрдүм: Эмне эле ымтырайсың, болбойсуңбу батыраак, дагы канча күтөм деп кыйкырып, аны силкип жетелеп бара жатканын көрдүм.
Муну көргөндө жүрөгүм ооруп чыкчу, оюмду айтсам “өз кызыңды карап алчы!” деген жооп укчумун.
Ал бала бакчага кызымды алып барып жүргөнүмдү, күйөөм театрга билет берип жүргөнүн билген жок, мени тааныбады.
Андан соң COVID-19 башталды. Балдарды апрелдин башында каникулга таратышып, онлайн окууга өткөрүштү. Шурага эмне болгонун биле алган жокмун, жакындарым ооруп, өзүм да оорудан кийин араң калыбыма келип…
Ошентип кайрадан сентябрь айы келди, биринчи классты араң аяктагандар экинчи класс болушту. Биринчи жана экинчи класстар мектептен окушат дешти. Гүлдөр, бантиктер, баары бир жыл мурдагыдай болду.
Экинчи класска Саниянын бардык классташтары келди, бирок арасында Шура жок эле. Эжеси анын окуусуна көңүл бурган жок, Шура 3 чейректи араң окуду. Эжеси жада калса, аны интернатка берерин айткан, бирок COVID-19 пандемиясынын айынан ал жакка кабыл албай коюшуптур.
Мугалими Шура кайрадан биринчи класска калтырылганын айтты. Шура кайра эле жалгыз, биринчи класстардын жанында турду. Көйнөгү жаңы болгону менен, чачы араң байланып, көзү баягыдай эле муңдуу, жалгыз калган күчүктөрдүкүндөй эле.
Менин курбум бир жолу көчөдө калган күчүктү унаалар тебелеп кетерде сактап калган. Азыр ал күчүктү багып алууга даяр адамдарды издеп жатат. “Мен ал күчүктү жакшы көрүп, жакшы багып ала турган үй-бүлөгө берем”, –деди курбум.
Шура мага ошол күчүктү эске салды. Баары ага далысын салып коюшту – тууган эжеси, мугалими, классташтары… Чоңойгондо кандай кыз болорун элестетүү мен үчүн кыйын болду.
Шурага ким сүйүү жана эркиндик берет, ким жакшы кыз болууга үйрөтөт? Бул кыздын жүрөгү ээрип, жаркын жашоого кайтып келерине ишенем, болгону чоңдор жардам бергилечи, а балдар, классташтары болсо силерди көрүп үлгү алып, дос болушат, аны Шура деп атабай, Саша, Сашенька деп чакырып калышат. Бул менин кыялым!
Болгон окуядан алынды. Ысымдар өзгөртүлдү
Автор: Элеонора ПРОЯЕВА Сүрөт: econet.ru
Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.