Бишкек шаарындагы ооруканаларда 1190 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ооруга кабылган адамдар төмөнкүдө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот:
«Гансидеги» оорукана — 508;
Улуттук госпиталь — 169;
Воронцовкадагы санаторий — 119;
№1 Интернат — 94;
Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 86;
Республикалык наркология борбору — 41;
Темир жол ооруканасы — 36;
Азиздер жана көрүүсү жана балдар интернаты —31;
«Ынтымак» медресеси — 30;
Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 29;
Улуттук кардиология жана терапия борбору — 26;
№1 Шаардык клиникалык оорукана — 10;
Rixon мейманканасы — 8;
Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 2;
Discovery мейманканасы — 1.