Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн
Жакында эле заманбап Кыргызстандын мыкты ойчулдарынын бири Мусуркул Кабылбеков президент Сооронбай Жээнбековдун социалдык тармактарда катуу сынга кабылган акыркы кайрылуусуна пародия жазып чыкты. Мен аны бир нече жолу окуп чыгып, ыраазы болдум. Эгерде президент саясий кылдаттыкты жана этиканы коюп эле, чын жүрөгү менен айланасында эмне болуп жатканын айтып берсе, эл сүймөнчүгү болуп чыга келмек. Ал эми биз болсо эми баары түшүнүктүү болду деп, өз ишибиз менен алек болуп, тынчып калмакпыз.
Атамбаев өзүн сындагандарды ар кандай жаман сөздөр менен атап, аларды шылдыңдап сынчылардын оозун жапчу. Азыр ал учурдагы коркуу өтүп кетти жана саясий айдыңга жаңы баатырлар чыгышты. Көпчүлүгү атын жашырып, башка ысым менен жазышат. Аларды бир аз кысып койсоң, жер суулана түшөрү бышык.
Ушуга байланыштуу афин демократиясынын атасы улуу Периклга байланышкан бир окуя эсиме түштү. Ал 14 жыл башкарган Афинаны байыркы убактын эң өнүккөн, гүлдөгөн шаарына айланткан. Бир күнү ага бир жаран асылып, Периклды шылдыңдап баштаган.
Каршылаштары аны коррупцияга аралашкан деп күнөөлөшүп, кызматтан алууну каалашкан. Ошентип өз мүдөөсүнө жетишкен. Перикл афин стратеги болуп шайланбай калган. Калк арасында актанып, кайрадан шайлануу үчүн бир жыл кеткен. Бирок көп өтпөй ал чума оорусуна кабылып, каза болгон. Афины шаарынын андан кийинки тагдыры аянычтуу болгон.
Ошол сындаган адам Периклдын артынан калбай ал начар адам экенин жар салып келген. Перикл сөз эркиндиги деп баарына чыдап, унчукпай келген, ага айыппул салууну же аны камакка алууну буйруган эмес. Бир кечте Перикл үйүнө кайтып келе жатканда сынчы анын артынан калбай, эшигине чейин келген. Перикл үйүнө кирип кеткенде дагы ал көчөдө каарын чачууну уланткан. Бир маалда Периклдын үй кызматчысы чыгып: “Кожоюн сизди үйүңүзгө чейин жеткирип коюуну буйруп, сизди үшүп калбасын деп бул жылуу жуурканды берип жиберди”-деген.
Батышта демократия ушундай жол менен гүлдөгөн. Сабырдуулук, эмгек, тырышчаактык, башкаруучу менен элдин ортосундагы түшүнүк аркылуу келген демократия. Ал эми сөз эркиндиги ар бир адамдын сүйлөгөн сөзүнүн жоопкерчилигинин көрсөткүчү болуп калган. Ой жүгүртүүгө жакшы сабак.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.