Коопсуздук кеңеши июнь айында 2020-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны карай тургандыгын президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка караганда, Стратегиянын иштелип чыккан долбоору заманбап чакырыктар менен коркунучтарга жооп берет жана мамлекеттик органдардагы тигил же бул коррупциялык көрүнүштөр менен системалуу күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат.
Атап айтканда, Стратегиянын долбоорунда төмөнкүдөй чаралар камтылган:
— салык жана бажы жол-жобосун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү жыйынтыктоо;
— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин (анын ичинде саясий кызматтарды ээлегендердин) чыгашалары менен кирешелеринин бири-бирине дал келбегендиги аларды кызматынан бошотууга негиз болору, ал эми мүлктөрүн мыйзамдык кирешеси менен алгандыгына далилдеринин жоктугу ал мүлкүн жана андан тапкан кирешелерин мамлекеттин пайдасына конфискациялоого алып келери жөнүндөгү мыйзамдык аныктама;
— коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын түзүү;
— социалдык стандарттарды жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу медициналык-социалдык чөйрөдөгү коррупцияны төмөндөтүү, категориялык компенсациялык жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоодо даректүүлүктү камсыз кылуу, эл аралык функционалдык стандарттар менен мамилелерге өтүү;
— мүлкүн конфискациялоо менен кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаларды катаалдаштыруу жана оорлоштуруу;
— Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
— кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышы жөнүндө билдирбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата мыйзамдык чараларды катаалдаштыруу;
— ченемдик-укуктук актылардын жана мыйзамдардын долбоорлоруна антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн жаңы тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү;
— улуттук кызыкчылыктарга тиешелүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулукту болушунча жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишине жарандык коом тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана башкаруунун бардык деңгээлдеринде башкаруу жаатындагы чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жарандардын максималдуу жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыз кылуу;
— калк үчүн ачык болгондой мамлекеттик органдардын финансылык отчеттуулугунун ачык тутумун түзүү;
— коррупцияга түрткү берген көрүнүштөрдү азайтуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу;
— Мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин так, толук жана натыйжалуу аткаруу ж. б.