Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 11-майда ыйгарым укуктарын токтотту. Борбордогу өзгөчө абал режими жана коменданттык саат дагы алынды. Бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал калды. Аны менен катар эле айрым чектөөлөр да күчүндө. Анын ичинде карантин күчүндө, эркин жүрүүгө, коомдук иш-чараларга, көп адамдардын чогулуусуна дагы деле чектөө бар.
Буга карабастан коронавирустун айынан токтоп калган социалдык-экономикалык активдүүлүк акырындык менен жандана баштады. Республикалык штаб 1-июндан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрүнө уруксат берилерин билдирди. Бирок шаарга кире бериштеги сантиардык-карантиндик посттор эмне болот жана дагы деле иштеген жериңден справка алуу керекпи же жокпу, маска тагынбагандарга айып пул салына береби азырынча белгисиз бойдон калууда. Юрист-эксперт Эрик Рыскулбеков мэриянын талабы азыркы мыйзамдарга туура келбестигин билдирди. Elgezit.kg редакциясына берген маегинде ал мэриянын кадамдары эмнеге мыйзамга каршы келерин түшүндүрдү.
— Сиз сөзүңуздүн башында жөнөкөй жарандарга жана аткаминерлерге тиешелүү 2 негизги принцип бар экенин айттыңыз. Чечмелеп берсеңиз…
— Түшүндүрүп берейин. Азыркы Конституцияга ылайык, жарандарга карата “мыйзам аркылуу тыюу салынбаган аракеттердин баарына уруксат берилген” деген принцип, ал эми аткаминерлерге карата “мыйзам тарабынан уруксат берилген нерселерге уруксат” деген принцип иштейт. Эми биздин жашообузду жөнгө салган нормативдик-укуктук актыларга өтсөк.
Конституциядан баштайлы. Анда 2 берене бар. 18-беренеде “ар бир адам Конституцияда жана мыйзамда тыюу салынбаган бардык иштер менен алек болууга укуктуу” экени жазылган. Ошондой эле 5-берененин 3-параграфында “мамлекет жана анын органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституция жана мыйзам аркылуу аныкталган ыйгарым укуктарынын алкагынан чыга албай” турганы жазылган. Өзгөчө кырдаал 22-мартта Өкмөттүн буйругу менен киргизилген жана азыркыга чейин күчүндө. Бул документке ылайык, план иштелип чыккан. Анда бардык маморгандар эмне кылышы керек, кандай тартипте иштөөсү зарыл экени жазылган. Бул пландын алкагында санитардык нормалар дагы аныкталган. Аларды бузгандарга Бузуулар жана Жоруктар кодекстерине ылайык айып пул салынат. Мен бул пункттардын баарын санап чыкпай эле коеюн, алар менен иштернеттен каалаган киши таанышып алса болот. Бирок мэриянын иш-аракеттерин түшүнбөй жатам.
— Башкача айтканда, сиз бул талаптын баары, справкалар ж.б. жөн гана мэрия шумдук иштеп жатканын көрсөтүүгө болгон жасалма аракеттер жана талаптар мыйзамдарга туура келбейт дегиңиз келип жатабы?
— Туура. Өкмөттүн өзгөчө абал киргизүү тууралуу буйругун жана планын окуп көрүңүз, ал жактан салык кызматынын мөөрү коюлган справка талап кылынары тууралуу жада калса майда тамгалар менен дагы жазылган эмес. Бул талап азыркы мыйзамга каршы келет. Салык органдарынын ыйгарым укуктарын карасак, алар иштеген жеринен алынып келген справкага мөөр басып берүүгө укуктуу эмес. Мындан сырткары, ички иштер органдарынын өкүлдөрүндө, аскер кызматкерлеринде жана медицина кызматкерлерине дагы мындай ыйгарым укук жок. Бул жасалма аракет эмес, өзүм билемдик.
— А беткаптарчы? Эпидемия учурунда беткап режимин сактоо милдеттүү эмеспи?
— Бул ар бир жарандын жеке социалдык жоопкерчилигине тиешелүү десек болот. Жаран беткап тагынып жүрөбү же жокпу ички иштер органдарынын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, Санэпидстанция эч ким текшере албайт, аларда укук жок. Беткапты тагынбагандарга айып пул салчу норма да жок. Бул айыл өкмөтүнүн буйругу менен блок-постторду койгондой эле көрүнүш.
— Бирок биздин окурмандар беткап жана мрашруттук баракча, справка жок көчөгө чыгып, патрулдук милициянын колуна түшүп калсаң айып пул салып жатышканын, керек болсо кармап кетип да жатканын айтышууда.
— Милициянын кайгуул кызматынын ыйгарым укуктары алардын кызматтык инструкциясында так жана даана жазылган. Справка же жумушу менен байланышкан дагы башка документтерди сураганга аларга укук берилген эмес. Алардын милдети – жол эрежелеринин сакталуусун камсыз кылуу жана тартипке көз салуу. Бейбаштык кылган жаран беткабы барбы же жокпу деген суроо аларды эң акыркы болуп түйшөлтүш керек.
— Соода борборлорунун, кийим саткан дүкөндөрдүн иштебей жатканына кандай карайсыз? Ошол эле маалда базарлар жабылган жок го, азыр деле соода кызуу жүрүп жатат.
— Мен дагы базарларды эмнеге жабышкан жок түшүнбөй турам. Мыйзам алдында баары тең болушу керек, демек баардык жарандарга бирдей мамиле болуусу керек эле.
— Бала багуучулардан, балдарды кошумча окуткандардан иштеген жеринен справка талап кылуу туурабы? Кеп жарыя берип жумуш издегендер тууралуу болуп жатат. Алар агенттиктерде иштебей, өздөрү эле иш таап алышат, патенти жок дегендей.
— Бул сунуштар башынан эле акылга сыйбаган нерсе болгон, себеби ал талаптар тууралуу мыйзамда жана өзгөчө абал режими тууралуу буйрукта да жазылган эмес. Иштегенге уруксат барбы, патент төлөндүбү деп текшерүүчү атайын орган бар. Бирок алар мэрия же кайгуул милициясы эмес.