1-майдан тартып 10-майга чейин Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал узартылды. Ошондой эле экономикалык мааниге ээ болгон бир топ ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү жандандырылды, — деп билдирет Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы.
Ага байланыштуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасы тарабынан тиешелүү мерчемдер кабыл алынган. Алсак, күч түзүмдөрү жана тиешелүү кызматтар тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.