Кыргыстандын медиа коомчулугу сөз эркиндиги боюнча билдирүү таркатты

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 14:26
0 ой-пикир

Кыргызстандын медиа коомчулугу өлкөдө сөз эркиндиги кысымга алынып , ЖМКга жапырт DDoS-атака, көп миллиондогон доо коюлуп, журналисттердин жеке коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгын белгилейт.

Бийлик бутактарына төмөндөгү талаптар коюлду:

1. Журналисттердин дене-бой жана санарип коопсуздугун камсыздоо;

2. kloop.kg, «Азаттык» и OCCRP иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүү;

3. Иликтөө журналисттерине коюлган доо боюнча сотту чынчыл, ачык жана калыс өткөрүүну кепилдөө;

4. ЖМКны көп миллиондогон доодон коргоо.

Бийлик тарабынан сөз эркиндигин коргоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлбөгөндүктөн, иликтөөчү журналисттер бетин ачкан коррупциялык көрүнүштөргө чара көрүүнү талап кылып, эки жолу #РЕакция митингисине чыгышты.

Хакердик атаканын негизинде Factcheck.kg сайты токтоп, андан кийин DDoS-атакага ошол иликтөөнү көчүрүп жарыялаган Kloop, Kaktus.Media, Economist.kg, Govori.tv, vb.kg, knews.kg, pk.kg.(“ПолитКлиника”) сайттары кабылган.

Түзүлгөн азыркы абал Кыргызстандагы көз карандысыз басылмаларга басым болуп жана олуттуу тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгилейт, — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.