14-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарында кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жамгыр жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Суусамырда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10 градус төмөндөйт.
14-февралда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Түнкүсүн 0…-2°, күндүз +3…+8° жылуу болот.