Кыргызстанда аткаминерлердин этикасы тууралуу маселе спирт ичимдигин ичип, учакта чыр чыгарды делинген Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын учактан түшүрүлгөнүнө байланыштуу дүң болду. Бул окуя чындыгында аткаминерлердин этикасынан жана чет өлкөгө болгон сапарларынан дагы чоң көйгөйдөн кабар берет.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо, тандоо, карьералык өсүш маселеси өтө курч турат, бирок бул тууралуу Каденова менен байланышкан окуялар сыяктуу учурлардан кийин гана эстешет.
Окуядан кийин айрым депутаттар, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин аткаминерлери, Тышкы иштер министри жана Түштүк Кореянын элчиси ортосунда бир топ катаал каршылашуу башталды. Натыйжада бир катар аткаминерлер отставкага кетип, пайда болгон көйгөйлөрдү иликтөө үчүн Башкы прокуратурага даттануулар болду.
Эми баарын ирээти менен карайлы
Мамлекеттик кызматкер – бул мамлекеттин жана улуттун жүзү, мамлекеттин ийгиликтүү болуусунун кепилдиги. Ошондуктан мамлекеттик кызматкер бир катар сапаттарга ээ болуусу шарт. “Кесиптик урмат” жана “кесиптик кадыр-барк” деген түшүнүк маанилүү болуп калды.
Тилекке каршы, коомчулуктун көңүл чордонунда болгон Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерине байланышкан терс окуялар көбөйө баштады. Каденовадан кийин дароо эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги, Экономика министрлигиндеги жогорку кызматты аркалаган бир катар аткаминерлердин жана дипломатиялык кызматкерлердин тартип бузуулары жана этикага туура келбеген жүрүм-турумдары тууралуу маселе көтөрүлө баштады. Мындан бир аз убакыт мурда эле Жогорку Кеңештеги депутаттардын бири Японияга болгон сапары учурунда орунсуз кылыктары менен өлкөнү уят кылганы тууралуу маалымат чыкты.
Ал эми аткаминерлер чет өлкөлөргө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн канчалык кыянаттык менен пайдаланып жана сапар учурунда күмөн жараткан окуяларга канча жолу туш болушканын так айтуу кыйын. Жогорку кызматтагы ар бир адамдын чет жакка болгон сапары өлкөгө пайда алып келүүсү керек, ал үчүн компетенттүү адамдар барып, пландалган иш-чараларга катышып, өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүүсү зарыл.
Коомчулук көпчүлүк учурда пайдалуу иштер болуп жатканына көп ишене бербейт. Ошондуктан өлкө президенти же премьер-министр командировкага бара жатканда же кайтып келе жатканда алардын жетишкен ийгиликтери эмес, катардагы каттам аркылуу, карапайым эл менен бирге учканы тууралуу маалымат абдан жакшы кабыл алынып, биринчи орунга чыгат.
Чындыгында командировкага ыксыз чыккандар Кыргызстандын аткаминерлеринин арасында олуттуу мыйзам бузуу катары деле кабыл алынбайт. Себеби чет жакка чыгуулар коррупциянын, кызматынан кыянаттык менен пайдалануунун, этикага жатпаган жүрүм-турумдун уландысынан чыккан көрүнүш эмеспи. Бул сыяктуу көрүнүштөрдүн катарына мамлекеттик кызматкерлердин маянасына чак келбеген кымбат баалуу үйлөрдү, унааларды алып жатканын, үй-бүлөлүк той-топурларды жогорку деңгээлде өткөрүп жатканын жана тойлорго өтө көп барганын дагы киргизсек болот.
Мунун баары мамлекеттик кызматкерлердин курамында, тажрыйбасында, даярдыгында жана тандоосунда олуттуу көйгөйлөр бар экенинен кабар берет.
Швед саясатчысы Йохан Энгваллдын айтканы чындыкка жакындай. Ал Кыргызстанда мамлекеттик кызмат инвестиция салуу объектиси экенин, ага адамдар каражат салып, кандайдыр бир кызматка ээ болуп, кийин ал жерден алгачкы салган акчасынан көп сумманы иштеп табууну көздөшөрүн билдирген.
Бул жогорку кызматта иштегендер жакындарын белгилүү бир кызматка орноштуруу формасында ишке ашат. 2-3 жыл мурун Салык кызматынын көпчүлүк кызматкерлери жумушка Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу менен орношкону белгилүү болгон. Айрым учурларда партиялык-коалициялык деңгээлде да кызматтар бөлүштүрүлөт. Анда бириккен партиялар идеяны-программаны карабастан эле портфелдик кызыкчылыктарга карап кызматтарды бөлүштүрөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү жетекчилиги менен болгон абал дал ушундай көрүнүштүн айынан болду. Мындай учурларда кызматка келип жаткандардын кесипкөйлүгү, этикасы, компетенттүүлүгү, жетишкендиктери мааниге ээ болбой калат. Мындай көрүнүштөр баардык жерде болуп жатканда мамлекеттин келечеги тууралуу кеп кылып да болбойт.
Көйгөй өтө олуттуу болгондуктан абийир кодекси сыяктуу жаңы мыйзамдарды кабыл алуу эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок, абалды жакшыртса болот. Коррупция менен күрөшөбүз деп паракорлорду кармап, жазалаганга караганда мамлекеттик кызматкердин этикага ылайык келбеген жүрүм-турумун оңдоо, коррупцияны алдын алуу сыяктуу нерселерди ишке ашыруу реалдуулукка жакын. Ал үчүн бир нече механизмдерди жакшыртуу же иштетүү керек.
Биринчиден, Мамлекеттик кадр кызматынын ишин жакшыртуу жана күчөтүү керек, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо жана ишке алуу (айрым негиздүү учурларды эске албаганда) бул мекеме тарабынан меритократиялык критерийлер менен таза өтүүсү керек. Баардык жакта жалпы жана сөзсүз түрдө өтүлүүчү тесттер болуусу зарыл жана Мамлекеттик кадр кызматы буларды ишке ашыруу үчүн институтционалдык куралдардын баарын өзүнө алышы керек.
Экинчиден, иш-кагаздарын жүргүзүү, чечим кабыл алуу процесстери жана чечимдин өзү электрондук негизде болуусу шарт – тактап айтканда, “Түндүк” системасына же келечекте дагы башка системаларга киргизилүүсү керек. Жогорку кызматтагы адам кадр маселесине кийлигишүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуусу зарыл. Ошондой эле ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн ММКлар менен иштөө, жарандар менен болгон байланыш сыяктуу формалар колдоо табуусу керек.
Үчүнчүдөн, саясий деңгээлде – конституциялык мыйзам кабыл алуу менен парламенттеги башкаруу коалициясын түзүү механизмин жөнгө салып, тактап айтканда, коалиция өкмөттү кантип түзүүсү керектигин жана кандай жолдор менен түзө албастыгын киргизүү керек. Бул өзгөчө жаңы өкмөт келери менен мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу маселесин көтөрүүгө байланыштуу: бул чакырык менен биринчи кезекте аткаминерлердин санын кыскартуу каралганы менен, иш жүзүндө бул көйгөй чечилбей келет жана жыл санап аткаминерлердин армиясы өсүүдө. Кыргызстандагы калктын санына салыштырмалуу аткаминерлердин саны өтө эле көп экенин айтсак болот.
Төртүнчүдөн, мамлекеттик кызматкерлер туура эмес иш кылган учурларда алардын жоопкерчилигин карап, бөгөт коюу чаралары тармагында мыйзамдарды жакшыртуу зарыл. Аткаминер кылган ишинин натыйжасы кандай болорун так жана даана билүүсү керек.
Бешинчиден, мамлекеттик кызматкерлерди сыйлоо, айлык маянасы жана башка артыкчылыктарды кароо зарыл. Таза жана жакшы иштеген кызматкер жумушун баалоо менен катар эле берилип иштегени үчүн мыйзам алкагында артыкчылыктарга ээ болуусу керек.
Албетте, бул толук сунуш эмес, бирок ушул тизмеден эле иш комплекстүү болушу керектигин, ар түрдүү институттарды жана топторду тартуу зарыл болорун билсек болот. Биздин саясий чындыкка келсек, мамлекеттик кызматкерлерге байланышкан маселелерди чечүү үчүн мамлекет башчынын жана коомчулуктун демилгеси жана баардык процесстерге толук катышуусу шарт.
Ошентип, Зууракан Каденовага байланышкан окуя жагымсыз болгону менен Кыргызстандын мамлекеттик кызматындагы биринчи жана өтө олуттуу көйгөй эмес. Бирок, дал ошол чуу ооруну аныктагандагы рентгендин кагазындай кылып, чет өлкөдө, болгондо да учак ичинде мамлекеттик кызматтагы абалды бир нече саат ичинде эле ачыкка чыгарып берип койду. Ошондуктан ал маанилүү болуп калды.
Чындап келгенде, дал ушул жаңжалдан кийин гана кадрдык кризис башталды, Эмгек жана өнүктүрүү министри Т.Исакунова (орун басарлары менен) жана Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев жана аны жемкорлукка “күнөөлөп” жаткан Түштүк Кореядагы элчи К.Султанов кызматтарынан кетишти.
Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы депутаттардын, министрлердин, министрлердин орун басарларынын, элчилердин “талкуусунун” жүрүшүндө биринчи планга чыкты. Анын үстүнө отставкага кеткен элчи башка мамлекеттен саясий башпаанек суроо менен абалга дагы саясий түс кошту. Мунун баары мамлекеттик кызмат системасындагы абалды сүрөттөп берип койду. Жана бул көйгөйдү азыр чечүү керек. Кечээ чечилбеген болсо, азыр чечүү зарыл. Бул жагдайда жалгыз гана бир чындык бар – өлкөнүн өнүгүү мүмкүнчүлүгү, туруктуу башкарууну камсыз кылуу кыргыз бюрократиясынын сапатын жакшыртуудан көз каранды.
Саясат таануучу Эмиль Жураев — атайын elgezit.kg үчүн