ELGEZIT - RSS

«Мейманканага барып эс алып келебиз» деген директор жумуштан кетти
Коомдо ажиотаж жараткан чуунун айланасынан улам, «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын директору Жаныбек Дүйшеев кызматынан кол жууду. Ал кол алдындагы кызматкер аялга «төшөк мамилесин сунуштаганы» боюнча ызы-чуудан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Дүйшеев: Vesti.kg сайтына «Бул окуя ишкананын ичинде эле эмес, бүткүл Кыргызстанга жайылып кетти. Юридикалык баа берилгичекти мен убактылуу кызмат ордумдан кетип жатам» – деп маалымдады.

А. К. Г. аттуу кызматкер мамлекеттик ишканада жарым ставка менен иштеп келгенин жана жакында жетекчи Ж. Дүйшеев аны кабинетине чакырып, жарым ставкасы аягына чыкканын, бирок эгер узартууну кааласа бир жол бардыгын, ал жол – интимдик кызмат көрсөтүү экенин айтканын жарыялаган. Ага далил катары жетекчинин “мен мейманкана издеп жатам” деген сыяктуу сөздөрү жазылган видеону чыгарган.

Бирок Дүйшеев мындай билдирүүнү жалган жалаа катары сыпаттап, ал кызматкер “өзү ойсоңдоп тийишкенин” бирок ал көңүл бурбаганын белгилеген.

Эске салсак, 12-октябрда «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери мекеменин жетекчиси ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштаганын билдирген.  Кийин Биринчи май районунун ИИБне арыз менен кайрылган.

Белгилей кетсек, айымдарга кызмат абалынан ыдык көрсөткөндөрдү ачыкка чыгарган айымдардын катарына Эльвира Сурабалдиева кирет.  Жогорку Кеңештин имаратынын лифтинде бейтааныш эркек киши аны кучактаганга аракет кылганын айткан жайы бар.