Убактылуу кармоочу жайынан качкан шектүү адам кармалды

Окуялар тизмеги 11 Окт 2021 10:32
0 ой-пикир

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качкан шектүү адам кармалганын Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Аны кайгуулчулар колго түшүргөн.

Окуя тууралуу:

Чүйдөгү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан шектүү качып кеткен. Бул тууралуу «Сводка.АКИpress. басылмасына милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 10-октябрда саат 07:09да болгон. Шектүү – 1995-жылы туулган Акматов Тилек Турсуналиевич. Ал Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча шектелип кармалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.