Рахат Керимбаеванын Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун директору менен жолугушуусу болуп өттү

Окуялар тизмеги 11 Окт 2021 11:02
0 ой-пикир

 8-октябрда Женева шаарында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) генералдык директору Дарен Танг менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда креативдүү экономиканы жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, тараптар биргеликте ушул тармактар боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну пландашты. 
Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин  интеллектуалдык жана инновациялык ишмердикти шыктандыруу жаатындагы жасалып жаткан иштери тууралуу айтып, ИМБДУнун генералдык директорун Кыргызстанга иш сапары менен барууга чакырды.
Өз кезегинде Тарен Танг Рахат Керимбаеванын ведомствонун директору кызматына дайындалгандыгы менен менен куттуктап, Кыргызпатенттин базасында ачылып жаткан алгачкы мамлекеттик инновациялык борбордун ачылышы Кыргызстандын инновациялар экосистемасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи. Ошону менен бирге, 2022-жылы Кыргызстанга атайын иш-сапары менен баруу ниетин билдирди.
Жолугушуу  4-8-октябрь күндөрү  өткөрүлгөн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Ассамблеянын 62-отурумунун алкагында өткөрүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.