№67 мектеп-гимназиясы коронавирустан улам карантинге жабылды

Окуялар тизмеги 08 Окт 2021 13:06
0 ой-пикир

Бишкекте №67 мектеп-гимназиясы коронавирустан улам карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашевдин айтымында, аталган окуу жайдын бир нече класста окуган окуучуларында коронавирус аныкталган. Мындан улам мектеп толук жабылды. Эскерте кетсек, 8-октябрга карата өлкө аймагында коронавируска кабылган 84 учур катталды. Алардын ичинен 45и Бишкекте аныкталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.